Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-августу №01-5/40
Сүлүктү шаарынын аймагында үй бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жана калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2025-жылдын 25-августундагы №01-6/2490 сандуу
Сүлүктү шаарынын аймагында үй бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жана калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө каты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Президентинин 14.08.2025ж. №27-19633 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 18.03.2022ж. XI сессиясынын №44 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын аймагында үй бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жобосу жокко чыгарылсын
2. Сүлүктү шаарынын аймагында үй бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жана калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө Жобосу жаӊы редакцияда бекитилсин
3. Бекитилген Жобону жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жагы “Шахтер жолу гезитинин башкы редактору О. Саттаровага милдеттендирилсин
4. Жобонун талаптарына ылайык иш алып баруу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин
5. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | Б.А. Абдунзаров |
Сүлүктү шаардык кеӊешинин VII сессиясынын 27.08.2025ж №01-5/40 токтому менен бекитилген
Сүлүктү шаарынын аймагында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жана калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы бөлүк
1.1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан.
Акыркы жылдары көрүлүп жаткан аракеттерге карабастан, Сүлүктү шаарынын аймагында ар кандай үй-бүлөлүк салттарды, маркумду эскерүү урп-адаттарын жана башка иш-чараларды өткөрүүдө текебердик, өзүн эл алдында көрсөтүүгө умтулуу, башка адамдын социалдык абалын тенсинбөө, ашыкча ысырапкерчилик, элдин каада-салттарын сактабоо сыяктуу терс көрүнүштөр бар. Калк маркумду жерге коюууда, маркумду эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө жана ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болууда. Курулай бедел күтүү, жок каада-салттарды сактоо үчүн адамдын материалдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык келбеген көп сандагы адамдар чакырылат. Натыйжада тамак-аш көп жасалып, көптөгөн мал союлуп, акча каражаттары ашыкча чыгымдалат.
Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирет жана калктын жашоо денгээлине терс таасирин тийгизет. Көптөгөн жарандар каражатты карызга, кредитке алат жана аны төлөө үчүн мигрант болуп, иштегени кетишет. Сүлүктү шаарынын жарандары үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларды өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жана ири акча каражаттарын чыгымдабастан, өткөрүшү зарыл. Мындай учурда интелегенциянын өкүлдөрү жарандарга үлгү болууга тийиш. Азыркы учурда коомдо руханий маданият, социалдык адилеттүүлүктү турукташтыруу, өзгөчө жаштар арасында мындай маселеге аяр мамиле кылууну калыптандырууда катуу тартипке келтирүү талап кылынууда. Андыктан, коншулары жана туугандарынын алдында сын-пикирге кабылбоо, коомчулуктун басымында калбоонун мүмкүнчүлүгү катары жана ири акча каражатты сарптабастан, көп сандаган малды сойбостон, башка ысырапкерчиликке жол бербестен өткөрүү үчүн Жобо иштелип чыкты.
Коомчулуктагы ыксыз чыгымдарга мыйзам чегинде бөгөт коюу, ага каршы күрөшүү шаар тургундарынын ар биринин милдети болуу керек деген сунуш-пикирлер ар кайсы жамааттардан келип түшүүдө, ал эми бул маселени шаар мыйзамына киргизүү менен жалпы коомчулук тарабынан жөнгө салуу көздөйт.
1.2. Куру намыстуулукка, ашыкча чыгымдуулукка каршы күрөшүү жамааттардын ар бир мүчөсүнүн милдети болуу керек. Эл арасындагы тойлорду, белгилүү күндөрдү, кечелерди өткөрүү жана маркумду акыркы сапарга узатуу, аларды эскерүүгө байланыштуу каада-салттар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде, Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде жана Сүлүктү шаардык кеңештин сессиясында атайын комиссия тарабынан даярдалып коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарында, коомдук уюмдарында, аксакалдар, аялдар, жаштар уюмдарында талкууга алынгандан кийин шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы менен шаардык каада-салтарды жөнгө салуу боюнча комиссиясында бирге каралгандан кийин шаардык кеңештин сессиясында бекитилет жана ушул Жобонун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
1.3. Шаардын жашоочуларынын социалдык, маданий жана күндөлүк турмушун жакшыртууга карата кабыл алынган укуктук ченемдик актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Мыйзамдарына, Президенттин Указдарына, Өкмөттүн жана шаардык кеӊештин чечимдерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамаатынын Уставына карама-каршы келбесе шаардын аймагындагы атуулдар, мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан, аткарууга милдеттүү.
Бул Жобонун максаты: Сүлүктү шаарынын жарандарынын социалдык жана экономикалык жашоо денгээлин жогорулатуу, ошондой эле диний ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукту болтурбоо эсептелинет.
2. Тойлорду, кечелерди жана мааракелерди, өткөрүү жөнүндө
2.1. Шаардын тургундары тойлорду, белгилүү күндөрдү жана кечелерди өткөрүү боюнча сунуштарын, ой-пикирлерин коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларына жана каада салт боюнча комиссияларга 10-15 күн мурун билдирүүсү керек. Ал билдирүүгө сөзсүз төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
- өтүлө турган маарекени өткөрүү күнү, сааты, өткөрүүчү жайы.
- Тойго, кечеге кетүүчү жалпы чыгымдын саны (сом менен);
- Маарекеге союлуучу жандыктардын түрү, саны;
- Музыканттардын, ырчылардын, бийчилердин жалпы саны;
- Тойдун, кеченин жана белгилүү күндөрдүн Жобонун негизинде өтүлүшүнө жекече жоопкерчиликти мойнуга алган адамдын А.А.А. иштеген жери.
- Той, кече, белгилүү күндөр өтүүчү көчөдө коомдук тартипти камсыз кылуучу милициянын аймактык тескоочусунун, элдин ыктыярдуу кошундар тобунун жетекчисинин А.А.А. иштеген жери.
2.2. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарында өткөрүлгөн той, кече, маарекелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлөт жана анын башчысы шайланат.
2.3. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, маарекелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия той, кече ж.б. маарекелерди өткөрүү жөнүндөгү түшкөн сунуштардын, Жобонун негизинде ишке ашырылышын камсыз кылып, шаардык мэрияга айына бир жолу билдирүү жасайт.
2.4. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, маарекелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия, милициянын аймактык тескоочүсү жана той маарекенин ээси маарекелерди Жобого ылайык өтүлүшүнө жооп берет.
3. Тойлорду, кечелерди жана мааракелерди өткөрүүнүн тартиби
3.1. Той, кече, коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада-салтарды жөнгө салуу боюнча комиссия менен макулдашып белгиленген күнү макулдашылган шарт боюнча өткөрүлөт.
Кечелерди өткөрүүнүн убактысы кыш күндөрү 16-00дон - 21-00 чейин, жаз күндөрү 17-00дон - 22-00 чейин. Кыз той, Сүннөт той, Жээнтек той, Бешик той саат 16-00гө чейин өткөрүлсүн
3.2. Тойлор, кечелер, ишке, чарбалык жумуштарга тоскоол болбогон күндөрү той, кеченин ээлерине макул болгон күндөрү өткөрүлөт.
3.3 Үйлөнүү кечелери улуттук каада-салтка ылайык той болгон күнү өткөрүлөт.
3.4. Мааракелерге чакырылган адамдардын саны маараке өткөргөн адамдын эн жакын тууган-туушкандары болушу шарт.
3.5 Тойлордо атайын үйлөрдө конок берүүнү токтотуп той өткөрүлгөн жерде сый тамагын уюштуруу.
3.6 Эки жаштын нике тууралуу күбөлүгү жаштардын каалоосу менен жергиликтүү ЖААК бөлүмүндө же үйлөнүү кечеси өткөрүлгөн жайда тапшырылат.
3.7 Баш кошкон жаштарга нике окуу шарыяттын жол жобосу менен өткөрүлөт.
3.6. Тойлорду, кечелерди өткөрүүдө коомдук тартип сактоо, тойго келген меймандардын унааларын коё турган жерин аныктоо, унаалардын жоголуп кетишине жол бербөө, тойдон кийин узатуу, той ээсине жана каада-салтты жөнгө салуу боюнча атайын комиссиянын бир мүчөсүнө жана ыктыярдуу кошундун мүчөсүнө жүктөлөт.
3.7. Той, кече өткөрүлүүчү жайлар, коомдук транспорттор, адамдар, балдар өтүүчү жолдорго жакын болбоосу зарыл. Андай мүмкүнчүлүк болбосо мамлекеттик автомобиль инспекциясы менен макулдашып, атайын белгилер көрсөтмөлөр коюлуп өткөрүлөт.
3.8 Той, кече өткөрүлүүчү жайлар өрт коопсуздугунун эрежелерине жооп бере тургандыгы алдын ала текшерүүлөрдүн негизинде эгер кемчиликтер болсо, ал кемчиликтер четтетилет.
3.9. Жол коопсуздугун сактоо максатында автомашиналар жана айдоочулар МАИнин кызматкерлери тарабынан текшерилип андан кийин уруксат берилиши зарыл.
3.10 Той, кечелер улуттун калыптанган нукура каада-салтынын, үрп адаттарынын негизинде өткөрүлүшү сунушталат.
3.11. Тойлор спирттик ичимдиксиз өткөрүлсүн.
5.14. Той, кече өтүп жаткан мезгилде чыр-чатактарды чыгарууга, ар кандай талаш-тартыштарды баштоого жол берилбесин.
4. Той, кечелерге жана мааракелерге сарпталуучу чыгымдар жөнүндө.
4.1. Азыркы экономикалык шарттарды, элдин турмуш деңгээлин эске алып, шаардын аймагында өткөрүлүүчү бардык тойлорго, кечелерге ашыкча чыгым жумшоого тыюу салынат. (чон севет жасабоо, ашыкча сарпай кийгизбөө, ЗАГСта кыздын үйүнө кирбөө, күйөө балдардын бут кийимин катпоо, ата көрдүгө барбоо)
4.2. Меймандарга берилүүчү тамак-аштар, түркүн жер-жемиштер, суусундук, ичимдиктер санитардык жактан таза болушу керек.
4.3. Өткөрүлүүчү той-кечелерде улуттук бозо, кымыз жана ар түрдүү суусундуктарды коюуга уруксат берилет.
5. Той, кечелерди жана мааракелерди өткөрүүдөгү чектөөлөр.
5.1. Үйлөнүү тоюнда ЗАГСка чыгуучу жеңил автоунаалардын санын 3 төн ашырбоо.
5.2. Мектеп жашындагы балдардын ЗАГСка барышын жана кечелерде саат 19-00 кийин болушун токтотуу
5.3 Кулукка барган адамдардын санын 20дан ашырбоо.
5.4.Кызга берилүүчү «Калын» 60 000 сомдон ашырбоо, 2 тай пахта 4 кой, дастаркон акчасына 15 000 сом, (күрүч, нан, май, сабиз, конфет)
5.5. «Чөмүч кармады» мааракесине кыз тараптан 4 киши, уул тараптын жакын туугандарынын катышуусунда өткөрүү. «Чөмүч кармадыда» материал жоолуктарды таркатууну токтотуу.
5.6. Үйлөнүү тойлорунда куда-кудагыйдан башкаларга сарпай кийгизүүнү токтотуу, кудагый көрдү, күйөө көрдүнү токтотуу, тойго келген коноктордун саны 100-150дөн аштоо.
5.7 Хадим пулун мечиттин имамыдан жана хадим окуган молдодон башкасына берүүнү токтотуу
5.8. Нике окутуу мечиттердин расмий имамдарына гана берилсин, 18 жашка жете элек кыздарга жана ажырашкандар болсо «Талагын» ала элек – келиндерге нике окууга тыюу салынсын.
5.9. «Келин түшүрдү» эки жоолук берүү (бала тараптан акча талап кылынбасын).
5.10 Үйлөнүп жаткан эки жаштын «Сүйүү тарыхын» (Love story) видеотасмага тартып көрсөтүүнү жана атайын ырчыларды жалдап «Жар-Жар» айттыруу токтотулсун.
5.11 Тамак-аштарды ашыкча сарптоого жол бербөө. Кудаларга берилүүчү тамактын саны 2ден ашпасын.
5.12. Тойго келген конокторго жоолук калпак таркатуу, кешик берүү (пакет) токтотулсун. Адия алып келгендерге конок жана сый берүү токтотлсун
5.13. Кыз узатуу тоюу, кудайы кафеде өткөрүлбөсүн (кыздын ата-энесин үйүндө өткөрүлсүн)
5.14.«Жүк бузду» үчүн куйөө бала тараптан акча талап кылынбасын.
5.15.«Күйөө түшүрдү» каадасы токтотулсун.
5.16. Сарпай куда-кудагыйга гана бир жолудан берилсин.
5.17.Кыздын досторуна тойдо окшош кийинүү токтотулсун.
5.18.Тойго жасалган дастаркон ашыкча ысырапкерчиликсиз жасалсын.
5.19. «Кудагый көрдү» кыздын энесине гана жасалсын.
5.20 18 жашка жете элек кыздарды турмушка узатууга жол берилбесин.
5.21. Кыз чыгарып жаткан үйдө күйөө балдарды сыйлоо, паяндос жана килем төшөп түшүрүп алууну, машинасына төшөк салуу ашыкча каадаларды токтотулсун.
5.22 «Сырга салды» аземи токтотулсун.
5.23. «Сурпа салды» токтотулсун.
5.24 «Улак тартыш», «Күрөш» ж.б. спорттук оюндарына ашыкча чыгым кылбай чеги менен өткөрүлсүн.
5.25.«Байбиче көтөрдү», «Пенсия той» өткөрүү токтотулсун.
5.26. «Ажы» той, «Жээнтек» той өткөрүү жакын туугандары үчүн гана үйүндө өткөрүлсүн.
5.27. Бешик тойдо (балага гана сарпай берилсин) эки тарап туугандар бири-бирине сарпай берүүгө чек коюлсун
5.28. Өзбек элинин тоюнда “Кечки конок” маарекесин өткөрүүнү токтотуу.
5.29. Тойлор спирттик ичимдиксиз өткөрүлөт.
6. Маркумду акыркы сапарга узатуу (тажия) жана аларды эскерүү боюнча ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби
6.31. Маркумду акыркы сапарга узатуу (тажия) аларды эскерүүгө байланыштуу мааракелерди уюштуруучулук иштерин жүргүзүү коомдук өзүн-өзү башкаруу
аймактарынын башчыларынын той, кече ж.б. маарекелерди өткөрүү боюнча комиссиялардын негизги иш-аракеттеринин бири болуп саналат.
5.32. Маркумду акыркы сапарга узатуу элдердин улуттук диндик өзгөчөлүктөрүн эске алынып ушул жобонун негизинде жүргүзүлөт.
5.33. Маркумду акыркы сапарга узатуунун жол жоболорун маркумдун урук-туугандарына, куда-сөөктөрүнө, дос-жарларына карым-катнаш адамдарына кабарлоо, аларды тосууну, жайгаштыруу кайра узатууну уюштуруу, тажия күнүн белгилөө. Маркумдун жайыны каздыруу өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада-салтарды жөнгө салуу боюнча комиссиялары мечиттин имамдары менен биргеликте аныкталып уюштурулат.
5.34. Маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча ыксыз чыгымдардын болушуна жол бербөө зарыл, тажия болгон үйдө жалпы элге үч күнгө чейин аш берүү, акча таратып жыртыш кылууга тыюу салынат.
5.35. Маркумду акыркы сапарга узатууга шаардын аймагынан тышкары келген меймандарга колу коңшунун үйүндө чай, тамак берүү жагы сунуш кылынат.
5.36. Маркумдун үй-бүлөсү кыркын өткөрүү күнү 1 майда мал союп, андан ашык чыгым жумшоого жол берилбейт. (52 күндүк, жылдык, пейшембилик жок кылынсын, нан алынбасын, маркум өткөндө анын кыркы же кудайысы тойканада өткөрүлбөсүн)
5.37. Маркумду акыркы сапарга узатуу убагында спирттик ичимдик ичүүгө тыюу салынат.
5.38. Жободо көрсөтүлгөндөн ашыкча чыгым жумшалган үй ээси коомчулукта талкууга алынып, аксакалдар соту аркылуу тартипке чакырылат.
5.39. Шаардын аймагындагы мүрзөлөрдү тазалоо, тартипке келтирүү жагы коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынан, мечиттердин имамдарынан талап кылынат.
5.40. Маркумдун сөөгү чыккан күнү ал жерге жакын туугандардан башка аялдар барбасын.
5.41. Маркум чыккан үйдөн нан, таберик мата таркатуу токтотулсун, жыртыш таратылбасын.
5.42. Дастаркон (мал, акча) алып келген адамдарга сый тартуулар токтотулсун
5.43. Маркум чыккан үйгө мата алып барылбасын, колдон келсе акчалай жардамдар берилсин.
5.44. Каза болгон кишилердин жакындары кудайыны биригишип бир жерде өткөрүшсүн.
8.45. Кудайыны өткөргөн жерден нан алуу токтотулсун.
5.46. Пейшембиликтер, ыс чыгаруу токтотулсун «Ак кийди» өткөрүү жакын туугандары үчүн гана өткөрүлсүн)
5.47. Маркумдун жылдыгын өткөрүү туугандарынын макулдашуусу менен өткөрүлсүн.
6. Тойлорду, кечелерди ушул Жобонун негизинде өткөрүлүшүн камсыз кылуучу өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынын, каада салттарды жөнгө салуу боюнча аймактык комиссиялардын укуктары жана милдеттери
6.1. Тойлордун, кечелердин жана мааракелердин белгиленген тартипте Жобонун негизинде тынч өтүүсүн уюштуруу.
6.2. Тойлорду, кечелерди тартиптүү, маданияттуу, жогорку уюшкандыкта ыр-күү, оюн-зоок, бийлердин коштоосунда көңүлдүү өткөрүлүшүнө иш-чараларды жүргүзүү.
6.3. Тойлорду, кечелерди өткөрүүдө ушул Жобонун айрым пункттарынын бузулушуна жол берип жаткан той, кечелердин ээсине эскертүүгө, кемчиликти дароо четтетүүнү талап кылуу.
6.5. Той, кече өткөрүлгөн учурларда, коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу.
6.6. Жобону одоно бузган инсандарга мыйзам ченеминде тийиштүү чара көрүү үчүн каада салт боюнча шаардык комиссияга, аксакалдар сотторуна, коомдук алдын алуу борборуна билдирүү.
6.7.Той, кече өткөндөн кийин анын жакшы жактарын, кеткен кемчиликтерин анализдеп Сүлүктү шаарынын каада-салттарды жөнгө салуу боюнча коммиссиясынажана айына бир жолу айдын 5-числосуна чейин Сүлүктү шаардык мэриясына билдирүү берилсин.
7. Шаар аймагында калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактар
7.1. Шаар аймагында калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга төмөнкүлөр кирет:
- Көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, отелдер, жатаканалар жана турак үйлөргө тийиштүү аймактар;
- Жеке турак үйлөрдү куруу зоналары;
- Билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары;
- Жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана (же) убактылуу туруусун камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары.
8. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу
8.1. Төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
8.2. Үн сигналдарына ченемдик талаптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.
8.3 Ушул Жободо белгиленген убакыт аралыгында корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
-Телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөрдө, күркөөлөрдө, павильондордо, лотоктордо), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубдар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануу жайларында (кафелер, ресторандар, барлар, ашканалар) орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;
- Музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;
- Тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
- Пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
- Адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө (анын ичинде көчүү, эмеректерди жылдыруу), тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүү;
- Белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.
9. Каада салт боюнча Жобонун талаптарын бузган той, кече ээлеринин, коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынын, каада-салттарды жөнгө салуу боюнча комиссияларынын жоопкерчиликтери
9.1 Той, кечелерди өткөрүү ушул Жобонун негизинде өтүүсүн уюштура албаган коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада-салтты жөнгө салуу боюнча аймактык комиссияларынын башчылары жана той кечелердин ээлери жамааттардын алдында жооп берет.
9.2 Шаардын аймагында өткөрүүчү той, кечелерди Жобонун негизинде өткөрүлүүсүн камсыз кылууну каада-салттарды жөнгө салуу боюнча аймактык комиссияларынын башчылары көзөмөлгө алат жана Жобону бузган жарандар боюнча шаардык комиссияга маалымет берет.
9.3. Ушул Жобонун ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
Жооптуу катчы М.Джураева