КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-мартындагы № 4
«Мурда кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу жөнүндө”
Маловодное Айыл тургундарынын кайрылуу-арызын карап, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Маловодное айылында органикалык айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү завод курууга тыюу салуу жөнүндө талкуулап Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Маловодное - Кара-Сакал жолунун боюнда жайгашкан органикалык айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү завод куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө 2023-жылдын 23-январында кабыл алынган №1 токтому жокко чыгарылсын.
2. Органикалык айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү заводун ачуу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышов Маловодное айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ИЖС туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Б. Суюналиев |