КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-мартындагы № 5
«Карьер ачуу үчүн жерди ижарага берүү боюнча”
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында карьер ачуу үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө М.Д. Садабаевтин арызын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 13-беренесинин негизинде, ошондой эле жеке турак жай куруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Кызыл-Туу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карьер ачуу үчүн жер тилкесин ижарага берүү маселесин мыйзам чегинде кароосун айыл өкмөт башчысы А.Б. Джылжымышовко тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жеке турак жай куруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Б. Суюналиев |