КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 6-мартындагы № 6
«Тигүү цехин ижарага берүү жөнүндө”
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Токбай айылындагы М. Суранчиева атындагы мектеп-комплексинин аймагында жайгашкан тигүү цехин ижарага алуу боюнча келип түшкөн арыздарды карап, талкуулап, ошондой эле Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп Кызыл-Туу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Токбай айылындагы М. Суранчиева атындагы мектеп-комплексинин аймагында жайгашкан тигүү цехин ижарага берүү маселесин мыйзам чегинде кароосу айыл өкмөт башчысы А.Б. Джылжымышовко тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Б. Суюналиев |