Загрузка документа…
| Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы №48 токтомуна 1-тиркеме |
Александровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы (жарандардын үлүш жерлерине
убактылуу талап кылынбаган жерлер) жерлерди ижарага берүү жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Александровка айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди ижарага берүү жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомуна жана башка Кыргыз Республиксынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо үлүш жер алууга укугу бар жарандардын жерлеринин жарактуулугун сактоо максатында айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерелерди (ижарага берүү жаатында айкындуулук жана бирдиктүү саясатты камсыз кылууга багытталган.
3. Ушул үлүш жерлерди (жарандардын үлүш жерлерине убактылуу талап кылынбаган жерлер) ижарага берүү максатында Александровка айыл өкмөтү комиссия түзөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин: жер бөлүмүнүн кызматкерлери, киреше бөлүмүнүн кызматкери, айыл башчылары жана коомдук өкүлдөрдү киргизүүгө болот. Комиссиянын төрагасына айыл өкмөтүнүн башчысы (кызматы боюнча) дайындалат.
4. Жарандардын үлүш жерлерине убактылуу талап кылынбаган жерлери түз берилет, экономикалык жактан жагымдуу жана инвестиция талап кылган жерлери тоорук аркылуу (аукцион, конкурс) берилет.
5. Жарандардын айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди алуу жөнүндө кайрылууларын кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана жер комиссиясынын жеринде талаа иштери аякталышын эсепке алуусу менен аныктаган сунуштарына ылайык каралат.
6. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы сугат жерлери 1 (бир) жылга, кайрак жерлери 3 (үч) жылга чейин берилет. Түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин ошол жерде айыл чарба өндүрүшүн жакшы жүргүзгөн ижарачылар тең шарттарда башкалардын алдында жаңы ижара келишимин 5 (беш) жылга түзүүгө артыкчылык укугуна ээ болот.
7. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди кошумча ижарага берүүгө тыюу салынат.
8. Жер комиссиясы жер үлүштөрүн жарандарга берүү үчүн айыл аймактагы айылдар боюнча контурларды аныктасын. Ушул контурдагы жерлер бир айыл чарбалык жылына ижарага берилет.
9. Тоорук өткөрүү, ошондой эле аукцион жана (же) конкурс өткөрүүнүн жалпы жоболору айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине колдонулган жобосунун (айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобо) негизинде колдонулсун.
10. Александровка айыл аймагында 5 ( беш) жылдан ашык жашаган жергиликтүү тургундар айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди ижарага алууга (жарандардын үлүш жерлерине убактылуу талап кылынбаган жерлер) артыкчылык укугуна ээ болот.
11. Юридикалык жана жеке жактарга ижарага берилүүчү айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлердин өлчөмү сугат жерлери 10 гектардан, кайрак жерлер 15 гектардан ашпоого тийиш.
12. Салык, камсыздандыруу төгумдөрү жана ижара акысы боюнча карыздары бар жактарга жер берүүгө жол берилбейт.
13. Ижара келишимдин шарттары аткарылбаган учурларда жана айыл чарба иштери бүткөн соң үлүш жерлерин алууга укугу бар жарандардын үлүш жерлерин алууга талап кылган учурларда ижара келишими бир тараптан бузулат.
14. Ижара келишими жер комиссиясынын проколу менен жарактуу.
15. Жер комиссиясы:
- лотторду түзөт;
- ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн жердин
сапаттык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен белгилейт;
- тооруктук (аукцион, конкурс) шарттарын аныктайт;
- контурлардын чек араларын аныктайт;
- ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
- Аукциондун "арымы" жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10 процентинен 20 процентине чейинки өлчөмүндө белгиленет. Аукциондун "арымы" аукцион бүткөнгө чейин бирдей болот.
- айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмү менен макулдашуу боюнча ижара
акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;
- тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;
- ушул жободо белгиленген башка функцияларды жүзөгө
ашырат.
II Айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөөчү орган
16. Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында жарандарга берилген айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлердин натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоочу, бул жерлерди башкаруу боюнча тооруктарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө методикалык жардам көрсөтүүчү орган болуп айыл өкмөтүнүн жер комиссиясы эсептелет.
17. Жер комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:
- айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнөн айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерин пайдаланууда ижара акыларынан төлөмдөрдүн түшүүсү тууралуу отчетторду суроого;
- айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерин берүү жол-жоболорунун жүрүшүндөгү бузуулар жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысына жөнөтүү менен өзгөчө пикирин билдирүүгө;
18. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерин пайдалунуунун ижара акысы өлчөмү төмөнкү формуланын негизинде белгиленсин:
ИА = ЖС * 30
ИА – 1 га. жердипайдаланууга Ижара Акысынын суммасы;
ЖС – Жер Салыгынын баштапкы өлчөмү;
30- ижара акысынын орто арифметикалык өлчөмү;
(Мисалы: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Александровка айыл өкмөтүнүн сугат жеринин эсиби:
ИА = 415,21 х 30 = 12456,3 кайрак жерге ИА = 82,69 х 30=2481)
Зоналар боюнча ижара төлөмүнүн түздөөчү коэффициенти:
- сугат жерлери: топурактын сапаттуу көрсөткүчтөрүнө карата жерлери инвестиция талап кылган зоналар үчүн 0,2 - 0,5чейин;
- сугат жерлери: топурактын сапаттуу көрсөткүчтөрүнө карата жерлери экономикалык артыкчылыктуу зоналар үчүн 1 – 2 чейин;
- кайрак жерлери: топурактын сапаттуу көрсөткүчтөрүнө карата жерлери инвестиция талап кылган зоналар үчүн 0,2 - 0,5чейин;
- кайрак жерлери: топурактын сапаттуу көрсөткүчтөрүнө карата жерлери экономикалык артыкчылыктуу зоналар үчүн 1 – 2 чейин.
Ш Акыркы жоболор
19. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди берүү боюнча жер комиссиясынын чечимдери боюнча даттануулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот аркылуу чечилет.
Торук өткөрүүнүн жалпы жоболору
1. Тооруктарга катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар ушул жободо белгиленген формада арыз (№ 1 тиркеме) беришет жана ушул жобонун 2-пунктунда каралган документтерди берет.
Тооруктарга катышуу тууралуу арызды арыз ээсинин (талапкердин) өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берет.
2. Тоорукка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
- аукционго, конкурска катышууга арыз;
- инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;
- айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерин ижарага алган учурда
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер салынган төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.
Конкурска катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча өз сунуштарын кол коюп, чапталган конвертке салып беришет.
Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.
3. Катчы ушул жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтерди кабыл алат жана аларды Жер комиссиясынын кароосуна киргизет.
4. Талапкерлердин арыздары жана документтери жер комиссиясы тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча жер комиссиясы арыз ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал тууралуу протокол түзөт (2-тиркеме).
2.Аукцион
5. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү жер комиссиясынын чечимине ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде аукцион аркылуу берилүүгө тийиш болгон экономикалык жактан артыкчылыктуу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлөт.
6. Аукционго коюлуп жаткан ар бир жер участкасы өз алдынча лот болуп түзүлүшү керек.
7. Аукционго коюлуп жаткан лоттун төмөнкүдөй маалыматты камтыган кеңири баяндамасы болууга тийиш:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы, анын ичинде аштык буудай данын өстүрүү үчүн, гектар менен;
- ижара акысы;
- баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20 проценттен кем эмес жогору болушу керек);
- аукциондун "арымы";
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү;
- сервитуттардын болушу же жоктугу.
8. Айыл өкмөтү аукционду өткөрүү күнүнө чейин жалпыга жеткиликтүү жерлерде айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү.
Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
9. Аукциондун "арымы" жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10 процентинен 20 процентине чейинки өлчөмүндө белгиленет. Аукциондун "арымы" аукцион бүткөнгө чейин бирдей болот.
10. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш. (№ 4 тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат.
Протоколдо төмөнкү маалыматтар келтирилет: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участкасын ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б.
Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
11. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
12. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып айыл өкмөтү менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими түзүлөт.
3.Конкурс
13. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү жер комиссиясынын чечимине ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде конкурс аркылуу берилүүгө тийиш болгон жакшыртуу үчүн инвестицияларды талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлөт.
14. Конкурс айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерин ижарага берүү методу болуп саналат, анда ижарачы конкурстун шарттары менен аныкталган тиешелүү милдеттерди өзүнө алат.
Айыл өкөмөтүнүн карамагындагы жерлердин ижарачысына коюлган талаптарга ылайык жер комиссиясы конкурсту төмөнкүдөй жолдор менен өткөрө алат:
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат). Мында ижара акынын баштапкы өлчөмү тиешелүү жерлерге жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес.
3.1 Конкурс өткөрүү
15. Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен арыздарды ачуу жүргүзүлөт.
16. Конкурстун жеңүүчүсү жер комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланат.
Жер комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.
Добуштар тең болгон учурда жер комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
17. Жер комиссиясынын отуруму, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болот.
18. Эгер эки же андан көп катышуучулардын конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса, анда арызды мурда берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.
19. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт.
Протоколго Жер комиссиясынын отурумуна катышкан бардык мүчөлөрү, конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.
Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы |
Н.Султаналиев |