Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын  7-февралы  № 79/XVIII-28

 

АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)» - КК АИД-3 долбоорундагы Ири долбоор Джер-Казар айылындагы «Нур бакча» бала бакчасын ремонтоо жөнүндө

 

КК АИД-3түн алкагында Узун-Кыр айыл аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана ири долбоор “Нур бакча бала бакчасын ремонтоо”, боюнча Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Алыбаев Э.М. жана Узун-Кыр айылдык аймактын АКИА АКнын төрайымы Н.А.Садыкованын маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 20-октябрь, 2021-жылдын №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Узун-Кыр айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Ири долбоор – “Нур бакча бала бакчасын ремонтоо” жалпы бюджети 3 015 026 сом, а.и. АРИСтин гранты 2 871 000 сом, айыл өкмөттүн каржылоосу 144 026 сом бекитилсин (1-тиркеме).

2.Ири долбоор – “Нур бакча бала бакчасын ремонтоо” 2024-жылдын Узун-кыр айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин;

3.Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын жооптуу катчысы Лоева З.М. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик актыларына ылайык айылдык кенештин бул токтомун Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилигине ченемдик актылардын реестирине киргизүүнү камсыз кылсын;

4.Ири долбоордо көрсөтүлгөн объектилердин техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга кеткен чыгымдары жергиликтүү бюджеттен бекитилсин;

5.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Алыбаевке “Нур бакча бала бакчасын ремонтоо” ири долбоорду жана тиешелүү долбоордук иш-кагаздарды АРИСке өз убагында берүү тапшырма берилсин;

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөт башчысына жана айылдык кенешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.  

 

 

Төрага

 

К.Б.Сманов