Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 6-мартындагы № 7

 

“АЖМФ жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө”

Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-декабрындагы № 309 токтомуна жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 (өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери» жана Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329 буйругуна ылайык жерди мамлекеттик башкаруунун АЖМФуна өткөрүп берүү жөнүндө жобого ылайык АЖМФнун Туруктуу жер комиссиясынын корутундусун карап жана талкуулап Кызыл-Тууский айыльный Кенеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 1 (бир) гектар жердин ижара акысынын өлчөмү төмөндөгүчө бекитилсин

- Сугат айдоо жерлери – 12630 (он эки миң алтыжүз отуз) сом оро

- Кайрак жерлер – 2790 (эки миң жетижүз токсон) сом

- Чөп чабык жерлер – 870 (восемьсот семьдесять) сом

- Көп жылдык  – 0 сом

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовко жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы АЖМФнун туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Б. Суюналиев