УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-ноябры № 73/ХVI-28
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагында кыймылсыз мүлккө чыккан салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коеффициентине К3 аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин,4-бөлүгүнүн негизинде, айыл чарба багытындагы эмес жерлерди,калктуу конуштардын жерлери үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндө 337-беренеси аткаруу максатында Узун-Кыр айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жана жеке жактардын кыймылсыз мүлктөрүнө жер салыгынын өлчөмдүү коеффициенти аныкталсын:
-Кыймылсыз мүлккө салыкты жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди колдонуу үчүн жер салыгынын чөлкөмдүк коеффициенти КЗ 1,2 өлчөмдө аныкталсын:
-Таштандыларды чогултуу акысын төлөөчүлөр болуп юридикалык жана жеке жактар саналат. Тарифтин өлчөмү жергиликтүү кеңеш тарабынан анын аткаруу органдарынын сунушу боюнча 30 сом өлчөмүндө, ишкана иштеген кызматкерлердин(юридикалык жактан) бекитилген аянты жана санын курулуш өлчөмүн, бирок эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн ашпоого тийиш жана үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин тиешелүү жергиликтүү бюджетке төлөнөт.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Б. Сманов |