Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 31-июлу  № 61/XIII-28

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 номерлүү “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамы, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жыл 31-майындагы №291-номерлүү “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби” жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 номерлүү “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамы, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жыл 31-майындагы №291-номерлүү “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосунун 18-пунктун жетекчиликке алып, Узун-Кыр айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Узун-Кыр айыл аймагындагы Джер-Казар, Дружба, Нижний Норус айылдарындагы жайгашкан жана буга чейин ээлеп келген үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин, 2500м2 ашпаган өлчөмдө бекитилип берилсин.

2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн чечими чыккандан кийин, жер тиркелерин менчик укугун мамлекеттик каттоону мыйзамда белгиленген тартипте Ысык-Ата райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалында 30 (отуз) күн ичинде катталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисинин милдетин убактылуу аткаруучу Н.И.Токтогуловага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага

 

К.Б. Сманов