Редакцияот 13.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 13-мартындагы № 9

 

“Тамак аштын төлөмүн көбөйтүү жөнүндө”

“Алтын уя КТ” бала бакчасынын мүдүрү Р.А. Касымалиеванын кайрылуу катын карап, талкуулап, ошондой эле ата-энелеринин протоколунун чечиминин негизинде, бюджет комиссиясынын корутундусун угуп Кызыл-Туу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 1- марттан тартып ар бир балага, бир айда себепсиз келген учурда дагы, ар бир күнүмдүк тамагына 90 (токсон) сом тамагына жана башкаларга 10 (он) сом, баардыгы 100 (жүз) сом төлөнсүн.

2. Эгерде төлөм өз убагында төлөнбөсө, бала бала бакчага кабыл алынбасын.

3. Балдар бакчага кабыл алып жаткан келишим кол коюулган күндөн тартып күчүнө киргизилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Алтын уя Кт” бала бакчасынын мүдүрү Р.А. Касымалиевага жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Б. Джылжымышовко жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

М.Б. Суюналиев