Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-октябры №48/X-28
“Нур-бакча” №7 бала бакчасында балдардын тамак-ашына каралган акча каражатын көбөйтүү жөнүндө
“Нур - бакча” бала бакчасынын мүдүрү Э.Мусинанын маалыматын угуп жана талкуулап, №7 “Нур-бакча” бала бакчасынан келип түшкөн каттардын негизинде, тамак-аш продуктуларын базар баасынын жогорулашына жана балдарды толук кандуу тамак-аш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу, ата-энелерден түшкөн акча каражатын көбөйтүү жөнүндө, Узун-Кыр айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ата-энелердин эсебинен түшкөн акча каражаты 10(он) сомго көбөйтүлсүн, жана ошондой эле бир балага бир күндүк тамак-аштын баасы 85 (сексен беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткалышынын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы – А.Мусаева жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Б. Сманов |