Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 31-октябры № 44/X-28
Турак-жай куруу үчүн Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн төмөнкү контурларындагы № 429-15,3га, №402-10,0га жер тилкелеринин ченемин аныктоо жана бекитүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М. Алыбаевдын көрсөтмөсүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылы 6 майындагы №177 номерлүү токтомунун негизинде “Жеке турак жай курууга байланыштуу жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү” Жобосуна ылайык, угуп жана талкуулап Узун-Кыр айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Узун-Кыр айыл аймагынын төмөнкү контурларындагы №429-15,3 га, №402-10,0 га жер участокторунун жеке туракт жай курууга байланыштуу жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүүдө жер участокторунун ченеми – 500 кв.м. аянты катары аныкталсын жана бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Узун-Кыр айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы – Э.Ш.Мусинага жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Б.Сманов |