Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-сентябры №14/54
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө
Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2025-жылдын 01-сентябырындагы №01-14/3198 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында Кызыл-Кыя шаардык кенещи
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага: | Ж.Аматов |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
(8-чакырылышы) 2025-жылдын
04-сентябрындагы кезексиз
14-сессиясынын № 14/54 токтомуна тиркеме 1
ЖОБО
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө
1.Жалпы бөлүк
1.1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан.
1.2. Бул жобонун максаты: Кызыл-Кыя шаарынын жарандарынын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуудан коргоо.
2. Шаар аймагында калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактар
2.1. Шаар аймагында калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга төмөнкүлөр кирет:
- Көп батирлүү үйлөр, мейманканалар, конок үйлөр, жатаканалар жана турак үйлөргө тийиштүү аймактар ;
- Жеке турак үйлөрдү куруу зоналары;
- Билим берүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын, ошондой эле социалдык, реабилитациялык, санаториялык-курорттук кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары;
- Жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана (же) убактылуу туруусун камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын аймактары жана жайлары.
3. Калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу
3.1. Төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт:
- Жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- Дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
3.2. Үн сигналдарына ченемдик талаптар Кырргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.
3.3. Ушул жободо белгиленген убакыт аралыгында корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу аракеттерге төмөнкүлөр кирет:
- Телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода обьектилеринде (дүкөндөрдө, күркөөлөрдө, павильондордо, лотоктордо), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубтар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануу жайларында (кафелер, ресторандар, барлар, ашканалар), орнотулган түзүлүштөрду пайдалануу;
- Музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон аспаптар менен жасоо ;
- Тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализацияларынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
- Пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
- Адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө (анын ичинде көчүү, эмеректерди жылдыруу), тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүү;
- Белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.
4. Ушул жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Ушул жобонун ченемдерин бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
Кызыл-Кя шаардык кеңешиинн СММ адиси: К. Омурзаков