Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-январы № 141/XXIII-27
Төмөнкү-Норус айылындагы көрүстөнгө сөөктү коюунун төлөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” мыйзамынын 18-беренесинин 8-пунктуна ылайык, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу башкармалыгынын иш билгилигине кирген маселелер жана милдеттерди аткаруу максатында жана жыл сайын өтүүчү айылдык чогулушта айтылган сунуштарды карап жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык округунун кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айыллдык округунун аймагында жашаган жана ушул аймакка кирген айылдарда туулуп-өскөн, бирок азыркы учурда аймактан тышкары жашаган адамдардын сөөгүн көрүстөнгө коюу бекер жүргүзүлсүн.
2.Узун-кыр айылдык округунун аймагында жашабаган, каттоодо турбаган жана чоочун адамдардын сөөгүн көрүстөнгө коюу айыл өкмөтүнүн бюджетине – 25,0 миң сом төлөө менен жүргүзүлсүн.
3.2013-жылдын 29-мартындагы №20/111-26 “Төмөнкү-Норус айылындагы көрүстөнгө сөөктү коюунун төлөмүн бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Эстиция Министрилигинин нормативдик-укуктук актыларынын тизмесине киргизилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы – Т.А.Кадыркуловго жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.А.Малабаев |