Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябрындагы № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айылдык аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10-00гө Дароот-Коргон айылындагы Б.Акимбеков атындагы маданият үйүндө өткөрүлсүн .
2. Чоң-Алай айылдык аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынынын курамы калктын санына жараша төмөнкүдөй санда тураары белгиленсин.
- Кызыл-Эшме айылынан 10 делегат
- Кызыл-Туу айылынан 4 делегат
- Дароот-Коргон , Кара-Шыбак айылдарынан 40 делегат
- Чак айылынан 15 делегат
- Жаш-Тилек айылынан 11 делегат
- Жар-Башы айылынан 16 делегат
- Кулчу, Сары-Булак айылдарынан 4 делегат жалпы 100 делегат.
3. Чоң-Алай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 5 кишиден бекитилсин.
тиркеме тиркелет. (№ 1-тиркеме)
4. Айыл өкмөтүндө өтүүчү өкүлчүлүктүү жыйынына айылдар боюнча делегаттарды шайлоо жыйындары 2023-жылдын 16-октябрдан 26-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин. (№ 2 тиркеме)
5. Чоң-Алай айыл өкмөтүнун аппараты өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жана уюштурууга, жумушчу топко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө жана белгиленген мөөнөттө графикке ылайык жыйындарга калктын келүүсүн, жыйын өтүүчү жайды тиешелүү жабдыктар менен камсыздоого милдеттендирилсин.
6. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө айылдар боюнча жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жана жыйынды өткөрүү боюнча бекитилген жумушчу топтун курамына жүктөлсүн.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |
| Тиркеме № 1
Чоң-Алай айылдык кенешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 32-сессиясынын кезектеги отурумунун № 1 токтому менен бекитилген |
Чоң-Алай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ | А.А.Т | Кызматы |
1. | Мойдунов Сталбек Мурзажанович | Төрага |
2 | Турдалиев Касымбек Абдилазизович | Катчы |
3 | Раимбердиева Тойжан Жолдошбаевна | Мүчө |
4 | Абдилай уулу Таалай | Мүчө |
5 | Кудратиллаев Абдразак | Мүчө |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
| К.Турдалиев |
| Тиркеме № 2
Чоң-Алай айылдык кенешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 32-сессиясынын кезектеги отурумунун № 1 токтому менен бекитилген |
Чоң-Алай айыл аймагынын жергиликтүү курултайына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)
ГРАФИГИ
№ | Жыйын өтүүчү орду | Убактысы | Калктын саны | Делегаттардын саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты | |||||
1 | Кызыл-Эшме айылы Ынакбай уулу Келдибек атындагы орто мектеби | 16.10.2023 | 10-00 | 1573 | 10 | Ж.Эрмекбаева. А.Ташболотов. Жумушчу топтун курамы |
2 | Кулчу, Сары-Булак айылы К.Жапаров атындагы орто мектеби | 16.10.2023 | 10-00 | 650 | 4 | А.Жусупов. А.Даниярова. Жумушчу топтун курамы |
3 | Дароот-Коргон, Кара-Шыбак Б.Акимбеков атындагы маданият үйү | 19.10.2023 | 10-00 | 6687 | 40 | Ш.Маматкаимова. З.Үсөнова. Ө.Калыков. Ү.Исакова. Жумушчу топтун курамы |
4 | Чак айылы Көк-Суу орто мектеби | 19.10.2023 | 10-00 | 2730 | 15 | Маматали уулу А. М.Мурзаева. Рахманали уулу А. Жумушчу топтун курамы |
5 | Кызыл-Туу айылы Кызыл-Туу балдар бакчасы | 20.10.2023 | 10-00 | 596 | 4 | А.Ажимуратов. С.Мурзабеков. Жумушчу топтун курамы |
6 | Жар-Башы айылы Н.Кармышев орто мектеби | 20.10.2023 | 10-00 | 2920 | 16 | А.Жусупов. А.Даниярова. К.Жусупова. Жумушчу топтун курамы |
7 | Жаш-Тилек айылы З.Каримбеков орто мектеби | 21.10.2023 | 10-00 | 1980 | 11 | Абдилай уулу Т. Г.Асаналиева. Жумушчу топтун курамы |
* | Жалпы |
|
| 17351 | 100 |
|
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
| К.Турдалиев |
| Тиркеме № 3
Чоң-Алай айылдык кенешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 32-сессиясынын кезектеги отурумунун № 1 токтому менен бекитилген |
Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө айылдар боюнча жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси
№ | Айылдардын аталышы | Жооптуу депутаттардын тизмеги | Эскертүү |
1 | Кызыл-Эшме | Ж. Эрмекбаева А.Тошполотов |
|
2 | Кызыл-Туу | А.Ажимуратов С.Мурзабеков |
|
3 | Дароот-Коргон, Кара-Шыбак | Ш.Маматкаимова З.Үсөнова Ө.Калыков Ү. Исакова |
|
4 | Чак | Маматали у А М.Мурзаева Рахманали у А |
|
5 | Жаш-Тилек | Абдилай у Т Г.Асаналева |
|
6 | Жар-Башы | А.Жусупов А.Даниярова К.Жусупова |
|
7 | Кулчу, Сары-Булак | А.Жусупов А.Даниярова |
|
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
| К.Турдалиев |