ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 32-сессиясынын кезектеги отуруму
2023-жылдын 5-октябрындагы № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сейданов Осмон Ырыскуловичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышы тууралуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чон-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин 9 ай ичиндеги киреше бөлүгү 60 604 335 сомго аткарылып, ал эми чыгаша бөлүгү 59 434 891 сомду түзүп
- аппаратка 16 941 618 сом
- мектептерге 7 981 300 сом
- бала бакчаларга 9 823 755 сом
- бала бакчалардын атайын каражатарына 1 676 104 сом
- китепканаларга 1 223 705 сом
- маданий иш чараларга 1 256 500 сом
- клубтарга 1 585 511 сом
- өзгөчө кырдаалдарга 770 000 сом
- ЖКХ 14 290 803 сом
- социалдык жардамдарга 309 500 сом
- компенсацияга 1 434 600 сом
- соц пакетке 157 410 сом
- айылдык кеңешке 699 045 сом
- статистке 446 040 сом
- жайытка 839 000 сом жумшалгандыгы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Мойдунов |