Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 32-сессиясынын кезектеги отуруму

 

2023-жылдын 5-октябрындагы № 4

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 2119 чыгыш сандуу сунуш катын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасы ишканасынын 2023-жылдын 25-августундагы № 11/1839 сандуу Кум-Талаа участкасындагы 0,80 га муниципалдык менчикте турган жер аянтын пайдалануудан баш тартуу жөнүндө катына ылайык, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун № 2119 чыгыш сандуу сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасы ишканасынын менчигинде турган Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Талаа участкасындагы 5-07-01-1008-0619 коду менен катталган 0,80 га жер аянты (пайдубалы) менен Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн балансасына муниципалдык менчикке кайтарылып алынсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык бүтүрүү жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

С.Мойдунов