Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 23-сентябры № 601 токтомуна )
1-тиркеме
2025–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында
өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча
иш-чаралар планы
№ | Милдеттер | Чаралар | Аткаруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжа/ продукт | Жооптуу аткаруучулар |
1-глава. Объекттерди инвентаризациялоо | |||||
1 | Сел жана ташкын сууларын өткөрүүчү объекттерге жана курулмаларга масштабдуу инвентаризация жүргүзүү | 1) Сел жана ташкын сууларын өткөрүүчү объекттерге жана курулмаларга инвентаризация жүргүзүү боюнча көп функциялуу ведомстволор аралык комиссия түзүү: – суу өткөрүүчү курулмалар (түтүктөр, лотоктор, дюкерлер, аралыктары бар көпүрөлөр); – суу багыттоочу курулмалар (дамбалар, каналдар, суу чыгаргычтар, жээк бекемдөөчү конструкциялар); – ташкынга каршы курулмалар (сел сактагычтар, суу топтоочу жайлар) | 2025–2026-ж.
| ӨКМдин чечими менен комиссия түзүлдү | ӨКМ |
2) Сел жана ташкын сууларын өткөрүүчү объекттерге жана бардык суу өткөрүүчү, суу багыттоочу жана ташкынга каршы курулмаларга этабы менен инвентаризация жүргүзүү (ЖӨБОнун, министрликтердин, ведомстволордун, республиканын деңгээлинде) | 2026-ж.
| ЖӨБОнун, министрликтердин жана ведомстволордун балансындагы жана баланста жок объекттерге инвентаризация жүргүзүлдү | ӨКМ, САЧКӨМ, ТКМ, ЭМ, Жер агенттиги, Курулуш министрлиги, ЖРЭТКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
| ||
3) Инвентаризациялык иштерди жүргүзүүгө жараша бирдиктүү реестр түзүү менен суу өткөрүүчү, суу багыттоочу жана ташкынга каршы курулмаларды паспорттоштуруу | 2027-ж. | Дарыялардын, объекттердин паспорттору жаңыланды жана түзүлдү, суу өткөрүүчү, суу багыттоочу жана ташкынга каршы курулмалардын реестри иштелип чыкты | САЧКӨМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, ТКМ, ЭМ Жер агенттиги, Курулуш министрлиги, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
| ||
4) Объекттердин баланстык таандыктыгын аныктоо жана курулмаларды иштетүүгө субсидия берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2027-ж. | Объекттердин баланстык таандыктыгы, аларды эксплуатациялоо такталды, тейлөөгө сарпталуучу каржылоонун көлөмү аныкталды
| ӨКМ, САЧКӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
2-глава. Превентивдүү чаралар | |||||
2 | Калктуу конуштарды жана алардын инфраструктурасын коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү
| 1. Масштабдуу инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча жана бирдиктүү реестрге ылайык сел жана ташкын сууларынан коргоо боюнча иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу: – республикалык деңгээлде коргоо иш-чараларынын биргелешкен планы; – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде | 2026–2027-ж. | План мамлекеттик органдардын биргелешкен буйругу менен бекитилди.
ЖӨБОдо жергиликтүү пландар бекитилди | ӨКМ, САЧКӨМ, ЭМ, ТКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
2) Сел жана ташкын сууларынан коргоочу иш-чараларды жүргүзүү | 2027–2030-ж. | Республикалык жана жергиликтүү деңгээлдерде коргоо иш-чараларынын пландары ишке ашырылды | ӨКМ, САЧКӨМ, ЭМ, ТКМ КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
3) Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча жергиликтүү стратегияларга ылайык сууларды коопсуз өткөрүүнү камсыздоо боюнча ар жылдык деталдуу иш-аракеттер пландарын ишке ашыруу
| Жыл сайын жаз-жай мезгилинде | Иш-чаралар жүргүзүлдү, суунун коопсуз өтүшү камсыздалды | КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
3 | Суу өткөрүүчү жана суу багыттоочу курулмаларды долбоорлоодо эсептөөлөрдүн ченемдерине талдоо жүргүзүү | Суу өткөрүүчү жана суу багыттоочу курулмалардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн долбоорлоо ченемдерин кайра кароо | 2027-ж. | Селден коргоочу, суу өткөрүүчү жана суу багыттоочу курулмаларды долбоорлоого тиешелүү жаңыланган ченемдер заманбап коопсуздук талаптарын жана климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен ишке киргизилди | Курулуш министрлиги, ТКМ, САЧКӨМ, ЭМ, ӨКМ |
4 | Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чаралары боюнча жаңы курулуш ченемдерин жана эрежелерин белгилөө | Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чаралары боюнча ченемдик документти иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-ж. | 1. ЖК ИТИ боюнча ченемдик документ КР Министрлер Кабинети тарабынан бекитилди. 2. Өзгөчө кырдаалдарда имараттардын туруктуулугуна укуктук негиз жана практикалык талаптар түзүлдү | ӨКМ, Курулуш министрлиги |
5 | Отун-энергетикалык комплекс объекттериндеги авариялык жана адистештирилген бөлүмдөрүн кызматкерлер менен камсыздоо ченемдерин кайра кароо | 1) Отун-энергетика комплексинин объекттериндеги авариялык жана адистештирилген бөлүмдөрүн кызматкерлер менен камсыздоонун учурдагы системасына талдоо жүргүзүү | 2025–2026-ж.
| Талдоо жүргүзүлдү, персонал менен камсыздалышы боюнча сунуштар даярдалды | ЭМ, ӨКМ, Курулуш министрлиги, ЖРЭТКМ |
2) Персоналдын санынын, ага коюлган квалификациялык талаптардын жана алардын техника, жабдуулар, шаймандар жана формалык кийимдер менен жабдылышынын жаңы нормативдерин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-ж.
| Отун-энергетика комплексинин объекттеринде авария болгон учурда чара көрүү үчүн атайын бөлүмдөрдүн тизмегин бекитүү жөнүндө КР Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды | ЭМ, ӨКМ, Курулуш министрлиги, ЖРЭТКМ | ||
3) Камсыздоонун жаңы ченемдерин эске алуу менен аварияларды жоюу пландарын кайра карап чыгуу
| 2026-ж. | Аварияларды жоюу пландары жаңы талаптарга ылайык кайра иштелип чыгып, бекитилди. Аларды жыл сайын жаңылоо боюнча колдонмолор бардык ОЭК объекттеринде бекитилди | ЭМ, ӨКМ (ӨКК), Курулуш министрлиги, ЖРЭТКМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
3-глава. Техносфералык коопсуздук | |||||
6 | Өнөр жайлык кооптуу объекттердин жана гидротехникалык курулмалардын техносфералык коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү системасын түзүү
| 1) Төмөнкү багыттар боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү: · кооптуу өндүрүштүк объекттер; · экологиялык жана радиациялык мониторинг; · энергетикалык коопсуздук; · гидротехникалык курулмалар; · туруктуу шаарлар; · транспорт, аэропорттор | 2025–2026-ж.
| ЖРЭТКМ чечими менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү | ЖРЭТКМ
|
2) Техносфералык коопсуздукка мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасынын концепциясын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-ж. | КР Министрлер Кабинетинин чечими менен концепция бекитилди | ЖРЭТКМ САЧКӨМ, ЭМ, ТКМ, Курулуш министрлиги, ӨКМ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары | ||
3) Кооптуу өндүрүштүк объекттердин маалымат базасын түзүү жана автоматташтырылган мониторинг жүргүзүү системаларын киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2027–2028-ж. | Коопсуздук параметрлерине мониторинг жүргүзүү, авариялардын алдын алуу жана объекттерди эксплуатациялоону оптималдаштыруу үчүн аппараттык-программалык чечимдердин санариптик комплексин киргизүү боюнча сунуштар даярдалды | ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, ЭМ, ТКМ, Курулуш министрлиги, ӨКМ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары
| ||
4) Техногендик аварияларга жана катастрофаларга ыкчам чара көрүү алгоритмдерин иштеп чыгуу | 2026-ж. | КР Министрлер Кабинети тарабынан чара көрүү алгоритмдери бекитилди | ӨКМ, ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, ЭМ, ТКМ, Курулуш министрлиги, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары | ||
5) Калкка эрте кабарлоо системасынын иштөө тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу, анын ичинде техникалык жана уюштуруу талаптарын, иш-аракеттердин алгоритмдерин, ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүү регламенттерин белгилөө | 2028-ж. | КР Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды | СӨИТМ, ӨКМ, ЭМ, ЭКМ, Курулуш министрлиги, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО | ||
4-глава. Токой бак-дарактарына инвестициялоо | |||||
7 | Сел жана суу ташкындарын, жээктердин эрозиясын жана жерлердин деградациясын азайтуу үчүн тоо этектерине, дарыя жээктериндеги жайылма жерлердеги агротокой чарбасына жашыл токой бак-дарактарына узак мөөнөттүү инвестициялоо | 1) Коргоочу токой бак-дарактарын түзүүнү, агротокой чарбасын колдоо жана токой чарбаларынын питомниктеринде жана мамлекеттик жаратылыш парктарында отургузуу материалдарын өстүрүү боюнча КР Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2026-ж. | КР Министрлер Кабинетинин чечими кабыл алынды | САЧКӨМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
2) Тоо этектериндеги жана дарыя жээктериндеги потенциалдуу кооптуу пилоттук тилкелерде топуракты, гидрологияны, тобокелдиктерди ГИС-картографиясын колдонуу менен изилдөөлөрдү жүргүзүү. Климаттык шарттарды эске алуу менен өсүмдүктөрдүн конкреттүү түрлөрүн дарыя жээктерине жана тоо боорлоруна жашыл бак-дарактарды отургузуу методикасын бекитүү | 2026-ж. | Изилдөө жүргүзүлдү, методика бекитилди, сунуштамалар даярдалды | ӨКМ, САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, КР УИА (Токой институту), КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
3) Потенциалдуу кооптуу пилоттук тилкелерге бак-дарактарды отургузуу: – тоо этектеринде терең тамыр системасы бар дарактарды отургузуу, токой тилкелерин түзүү; – дарыя жээктеринде аралаш отургузуу ыкмасындагы агротокой чарбасы жана тоо боорун террасалоо | 2027-ж. | Республиканын ар бир облусунда 5 га чейин бак-дарактар отургузулду | ӨКМ, САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
4) Донорлорду, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү тартуу менен бак-дарактарды отургузууну масштабдаштыруу | 2029-2030-ж. | Потенциалдуу кооптуу тилкелерге массалык түрдө бак-дарактар отургузулду | ӨКМ, ЖРЭТКМ, САЧКӨМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
5) Жашыл бак-дарактарды скрининг
| 2027-2030-ж. | Отургузулган бак-дарактардын өсүп кетүүсүн талдоо | ӨКМ
| ||
5-глава. Регламенттөө, потенциалды жогорулатуу | |||||
8 | Кызмат адамдарынын өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилигин жогорулатууну регламенттөө | 1) Кызмат адамдарынын өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча ченемдерди сактабагандыгы үчүн жоопкерчилигин жөнгө салууга жана ченемге келтирүүгө багытталган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2026-2027-ж. | Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди | ӨКМ
|
2) Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы экспертиза, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча механизмдерди иштеп чыгуу | 2027-ж. | Экспертиза, контролдоо жана көзөмөлдөө механизмдери жөнгө салынды | ӨКМ
| ||
9 | Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө алдын ала даярдык көрүү боюнча превентивдүү чаралардын комплексин кабыл алуу | 1) Калктын өзгөчө кырдаалдарда жана өрт учурунда коопсуздук маданияты жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча кампанияларды уюштуруу | 2026-2030-ж. | 1. Маалымдуулук концепциясы КР ӨКМдин буйругу менен бекитилди. 2. Жыл сайын калктын 5 %ы өзгөчө кырдаал-дарда жана өрттөн коргонуу ыкмалары жөнүндө маалымат алды | ӨКМ, ММЖСМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
2) Калкты эрте кабарлоо системасына жаңы технологияларды киргизүү | 2026-2027-ж. | Калктын өзгөчө кырдаалдардын коркунучу же келип чыгышы жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгү камсыздалды | ӨКМ, СӨИТМ | ||
3) Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдык-техникалык ресурстардын резервдерин түзүү | 2025-2026-ж.
2026-ж.
2026-2030-ж. | 1. Эсептөөлөрдүн негизинде ресурстардын конкреттүү тизмеги түзүлдү. 2. Каржылоонун көлөмдөрү жана булактары аныкталды. 3. Өзгөчө кырдаалдар учуруна климаттык шарттарды жана калктын жыштыгын эске алуу менен ТМБ камдалууда | ӨКМ, донорлор, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр | ||
4) Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү күчтөр үчүн техниканы, жабдууларды жана шаймандарды сатып алуу | 2025-2030-ж. | Өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн күчтөрдүн даярдыгы жогорулатылды | |||
10 | Шаарлардын башкы пландарынын, сейсмикалык туруктуу курулуштун курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышын талаптагыдай көзөмөлдөөнү жана контролдоону камсыз кылуу | 1) Сейсмикалык туруктуулуктун курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышын, реалдуу курулуштун бекитилген пландарга ылайык келишин үзгүлтүксүз текшерүү системасын иштеп чыгуу жана киргизүү, мониторинг жүргүзүү үчүн ГИС-технологияларды колдонуу | 2026-2027-ж. | Курулуштун техникалык экспертиза системасы киргизилди | Курулуш министрлиги |
2) Курулуш ченемдеринин аткарылышын контролдоо үчүн санариптик отчеттуулук системасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2027-2028-ж. | Курулуш ченемдеринин сакталышын контролдоону камсыз кылуучу натыйжалуу отчеттуулук системасы киргизилди | Курулуш министрлиги | ||
6-глава. Каржылоо | |||||
11 | Калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө чыгымдарды каржылоо | Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга, кесепеттерин жоюуга жана андан кийин калыбына келтирүүгө финансылык каражаттарды пландоо боюнча методикалык колдонмону иштеп чыгуу жана бекитүү (бюджеттин чыгаша беренелери боюнча бөлүштүрүү) | 2026-ж.
| ФМ, ӨКМ чечими менен методикалык колдонмо бекитилди | ӨКМ, ФМ
|
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | – | Кыргыз Республикасы |
ӨКМ | – | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ФМ КРП облустардагы ЫУӨ | – –
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
ЖӨБО | – | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
САЧКӨМ | – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ТКМ | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
ЭМ | – | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
Курулуш министрлиги | – | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги |
ЖРЭТКМ | – | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
СӨИТМ | – | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги |
Жер агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия, жана картография боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖӨБ бирлиги | – | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын бирлиги |
ЖМА | – | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ӨКК | – | Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат |
ОЭК | – | отун-энергетикалык комплекс |
УИА | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
ГМС | – | геомаалыматтык системалар |
ТМБ | – | товардык-материалдык баалуулуктар |
ИТИ | – | инженердик-техникалык иш-чаралар |
ЖК | – | Жарандык коргоо |
ӨК | – | өзгөчө кырдаал |
ААЖИ | – | атайын алдын алуу-жоюу иш-чаралары |