Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябрындагы № 10
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-ноябрындагы 24-сессиясынын кезектеги отурумунун № 4 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-ноябрындагы 24-сессиясынын кезектеги отурумунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга өнүгүү стратегиялык планына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга бекитилген өнүгүү стратегиялык планына тактап айтканда Дароот-Коргон айылы боюнча сурамжылоо анкетасынын жыйынтыгы баракчасынын 2-пунктуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин.
- Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылындагы борбордук жалпы дарыгерлердин практикалык борборун “АРИС” долбоорунун алкагында медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Мойдунов |
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023- жылдын 5-октябрындагы 32-сессиясынын кезектеги отурумунун № 10 токтомуна № 1-тиркеме |
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга бекитилген өнүгүү стратегиялык планына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин
- Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылындагы борбордук жалпы дарыгерлердин практикалык борборун “АРИС” долбоорунун алкагында медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
К.Турдалиев |