ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 32-сессиясынын кезектеги отуруму
2023-жылдын 5-октябрындагы № 9
Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын жаңыдан курууну жана таштанды ташып чыгаруу үчүн (мусоровоз) техникасын алып берүүнү райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын жаңыдан курууну жана таштанды ташып чыгаруу үчүн (мусоровоз) техникасын алып берүүнү райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин жылытуу системасын жаңыдан курууну жана таштанды ташып чыгаруу үчүн (мусоровоз) техникасын алып берүүнү жергиликтүү бюджеттин тартышсыздыгына байланыштуу райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Мойдунов |