Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 32-сессиясынын кезектеги отуруму

 

2023-жылдын 5-октябрындагы № 8

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген бюджетинин 3111 беренесинен 2215 беренесине акча каражатын жылдыруу жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 3111 курулуштар беренесинен 2215 кызмат көрсөтүү беренесине 4 000 000 сом акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттары жергиликтүү кеңештин 32-сессиясынын кезектеги отурумун угуп талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун сунушуна ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бекитилген бюджетинин 3111 курулуштар беренесинен 4 000 000 сом акча каражатын 2215 кызмат көрсөтүү беренесине жылдырып жумшоого макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

С.Мойдунов