Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-апрели № 1
Мурунку Боо-Терек айыл аймагынын Боо-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 18-январындагы “Боо-Терек айыл аймагындагы 960 контурунан кирпич завод куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө” №2 токтомун жана Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-августундагы “Күмүштак айыл аймагындагы №958, 960 контурларынан бышкан кирпич завод куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө” №22 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө жана мындан тышкары Боо-Терек айылындагы №960 жана №958 контурдагы 10 гектар жер аянтын бышкан кирпич завод куруу үчүн аукционго коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобонун “Түз берүү” жөнүндөгү 4-бөлүмүнө туура келбегендиктен жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын №39 беренесинин “Жергиликтүү кеңештин чечимдери” жөнүндөгү (“жергиликтүү кенештин чечимдери алар кабыл алган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн”) №5 пунктун жетекчиликке алып мындан тышкары Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы №960 жана №958 контурдагы 10 гектар жер аянтын бышкан кирпич завод куруу үчүн аукционго коюу керектиги жөнүндө айыл өкмөт башчысынын сунушун карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык кеңешинин VII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 18-январындагы мурунку Боо-Терек айыл аймагынын Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын VI сессиясынын “Боо-Терек айыл аймагындагы 960 контурунан кирпич завод куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө” №2 токтому жокко чыгарылсын.
2. 2024-жылдын 19-августундагы Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын “Күмүштак айыл аймагындагы №958, 960 контурларынан бышкан кирпич завод куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө” №22 токтому жокко чыгарылсын.
3. Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы №960 жана №958 контурдагы 10 гектар жер аянты бышкан кирпич завод куруу үчүн аукционго коюлсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иш алып баруу жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Б. Акматов |