Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын 34-сессиясынын кезексиз отуруму

2023-жылдын 18-декабрындагы № 7

“Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына автокран (мануплятор) техникасын алып берүүнү Ош облусунун өнүктүрүү фонду мекемесине сунуштоо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун “Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына автокран (мануплятор) техникасын алып берүүнү Ош облусунун өнүктүрүү фонду мекемесине сунуштоо жөнүндө кайрылуусун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. “Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына автокран (мануплятор) техникасын алып берүү жагы жергиликтүү бюджеттин тартышсыздыгына байланыштуу Ош облусунун өнүктүрүү фонду мекемесине сунушталсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

С.Мойдунов