Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын 34-сессиясынын кезексиз отуруму

2023-жылдын 18-декабрындагы № 4

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 18-декабрындагы № 3302 чыгыш сандуу сунушун кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кыр участкасынан 2,5 га жер аянтын таштанды таштоочу жер катары пайдаланууга берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кыр участкасынан 2,5 га жер аянтын Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын ичинен чыккан таштандыны таштоочу жер катары пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

С.Мойдунов