ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын 34-сессиясынын кезексиз отуруму
2023-жылдын 18-декабрындагы № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун 2023-жылдын 18-декабрындагы № 3303 чыгыш сандуу сунушун кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мурзаев Эгембердинин ПМК участкасындагы өзүнүн жеке менчик жеринен 0,02 га жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары Чоң-Алай айылдык кеңешинин 34-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мурзаев Эгембердинин ПМК участкасындагы өзүнүн жеке менчигиндеги 0,14 га жер аянтынын ичинен 0,02 га жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүп пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер кодексине ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Мойдунов |