Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чон-Алай айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын 34-сессиясынын кезексиз отуруму

2023-жылдын 18-декабрындагы № 1

Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 2023-жылдын 20-апрелиндеги 29-сессиясынын № 2-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Чоң-Алай райондук прокуратурасынын 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 2к-65-23 сандуу каршылык билдирүүсүн Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары угуп, талкуулап .

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Малдарын эгин жайларга түшүргөн мал жандыктардын ээлерине айып пул салуу, ошондой эле, жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарда мал жаюу графигин бузган жайыт пайдалануучуларга айып пул салуу жергиликтүү кеңештердин компетенцияларына кирбегендигине байланыштуу Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 2023-жылдын 20-апрелиндеги 29-сессиясынын № 2 токтому жокко чыгарылсын.

 

2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

С.Мойдунов