ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 33-сессиясынын
Кезектеги отуруму
2023-жылдын 30-ноябрындагы № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга акча каражатын кароо жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары айылдык кеңештин 33-сессиясынын кезексиз отурумун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаш-Тилек айылындагы З.Каримбеков атындагы орто мектебинин жер аянтына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн өздүк салымга Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитиле турган жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2 740 785 сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Мойдунов |