Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 токтомуна ) |
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 1-июлу № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан ыйгарым укук берилген жактын улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү жол-жобосун жөнгө салат.
2. Кепилчилик Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын резиденттерине - юридикалык жактарга улуттук экономиканын субъекттеринин (мындан ары - субъекттер) кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында берилет.
Кепилчилик тиешелүү документтер менен ырасталган инвестордун долбоорду каржылоого катышуусу долбоордун жалпы наркынын 30 (отуз) пайызынан кем эмесин түзгөн учурларды кошпогондо, инвестициялык макулдашуулар боюнча субъекттердин милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн берилиши мүмкүн эмес.
3. Кепилчиликтин максаты - Кыргыз Республикасынын экономикалык, улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле экономиканын тармактарынын туруктуулугун жана өнүгүүсүн колдоо.
4. Кепилчилик кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча күрөөлүк камсыздоо менен жабылбаган бөлүгүндө милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн берилет.
Ошол эле учурда субъекттин күрөө менен толук камсыз кылынбаган милдеттенмелери боюнча кепилчилик берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде өлкөнүн экономикалык жана/же улуттук коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда гана жол берилет.
Ушул пункттун жоболору ушул Тартиптин 41-пунктунда каралган талаптарды эске алуу менен колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Кепилчиликтин өлчөмү субъекттин кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча милдеттенмелеринин жалпы суммасынын, анын ичинде карыздын негизги суммасынын, эсептелген пайыздардын жана кепил менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган башка төлөмдөрдүн 80 пайызынан ашпоого тийиш.
Кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча милдеттенмелеринин жалпы суммасынын, анын ичинде карыздын негизги суммасынын, эсептелген пайыздардын жана кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган башка төлөмдөрдүн 100 пайызы өлчөмүндө төмөнкүлөргө карата кепилдик берүүгө жол берилет:
- мамлекеттик жана муниципалдык органдар, ишканалар жана мекемелер;
- уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттер;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашырууда уюштуруучу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан субъекттер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кепилчилик кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнө берилет жана кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелери аткарылгандан кийин өз аракетин токтотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) улуттук коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын ички жана тышкы коркунучтардан корголушунун кепилденген абалы;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, координациялык жөнгө салуу жана аткаруу функцияларын аткаруу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Министрлер Кабинети тарабынан экономикалык өнүктүрүү жаатында жана салык чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
4) кепилчилик - кепилчилик берүүгө Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген жак тарабынан берилүүчү субъекттин финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу механизми;
5) азык-түлүк коопсуздугу - республиканын азык-түлүккө көз карандысыздыгын камсыз кылуучу жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн белгиленген минималдуу ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берүүчү Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;
6) экономикалык коопсуздук - бул улуттук экономиканын тышкы жана ички коркунучтардан корголушунун абалы, экономикалык системанын туруктуулугунун узак мөөнөттүү абалы, ошондой эле экономикалык иштин субъекттеринин керектөөлөрүн канааттандыруу жана кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган экономикалык өнүгүү жөндөмдүүлүгү, татыктуу жашоо деңгээлин колдоо жөндөмдүүлүгү;
7) кепилчилик каражаттары - кепилчилик берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн кепилчилик берүүчүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн акча каражаттарынын жыйындысы.
Кепилчилик каражаттары кепилчилик берүүчүнүн учурдагы ишин, анын ичинде кийин милдеттүү түрдө чыгымдалган каражаттардын ордун толтуруу менен административдик, уюштуруучулук жана башка операциялык чыгымдарды камсыз кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн;
8) кепилчилик берүүчү - Министрлер Кабинети тарабынан кепилчилик берүүгө ыйгарым укук берилген жак;
9) кредит берүүчү - субъектке кредит, лизинг берүүчү жана белгиленген мөөнөттө берилген акчаны же мүлктү кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу уюм;
10) улуттук экономиканын субъекти - Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамда белгиленген тартипте катталган жана ушул Тартипте белгиленген критерийлерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк, коммерциялык, финансылык же башка чарбалык ишти жүзөгө ашырган юридикалык жак.
11) тармактык мамлекеттик орган - экономиканын тиешелүү тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.

61. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган милдеттенмелер боюнча кепилчилик берүүчүнүн каражаттарынын ликвиддүүлүгүнө жыл сайын мониторинг жүргүзөт жана белгиленген тартипте республикалык бюджетте каражаттарды карайт.

2-глава. Кепилчилик берүү жөнүндө чечим
7. Субъекттерге кепилчилик берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
8. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорунун демилгечиси болуп чыгат.
9. Министрлер Кабинети тарабынан субъектке кепилчилик берүү жөнүндө чечим кабыл алууну демилгелөө үчүн экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
1) кепилчилик берүү жөнүндө арыз;
2) каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо тууралуу күбөлүк, патент, уюштуруу келишими) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) жетекчинин паспортунун жана кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечимдин көчүрмөлөрү;
4) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчет, ал эми эгерде субъект үч жылдан аз убакыт бою иш жүргүзгөн болсо - иштин бүткүл мезгили үчүн финансылык отчет;
5) кредиттик келишимдин долбоору жана (же) кредит берүү шарттарын чагылдырган кредиттик комитеттин чечими;
6) кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууну ырастаган документтер, анын ичинде төмөнкүдөй документтердин бири же бир нечеси:
- күрөөгө коюлуп жаткан мүлккө менчик укугун же аны пайдалануу укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- кошумча кепилчилик берүүчү - юридикалык жактын каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк, уюштуруу келишими) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле уюштуруу документтеринде аныкталган юридикалык жактын башкаруу органынын кепилчилик келишими боюнча субъекттин милдеттенмелери боюнча кошумча кепилчилик берүүчү болууга макулдугу жөнүндө чечими;
- кошумча кепилчилик берүүчү - жеке жактын паспортунун көчүрмөлөрү;
- кепилчилик келишими боюнча субъекттин милдеттенмелерин камсыз кылуу катары банктык кепилдикти берүүнүн шарттарын чагылдырган банк кепилдигинин долбоору жана/же кредиттик комитеттин чечими;
- кепилчилик берүүчүгө акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгарууга укук берүү жөнүндө уюштуруу документтери менен аныкталган субъекттин башкаруу органынын чечими (макулдугу);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка камсыздоого документтердин көчүрмөлөрү;
7) көрсөтүлгөн келишимдерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамды көрсөтүү менен кепилчилик келишимин, күрөө келишимин (кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга күрөө берилген учурда), ошондой эле акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу жөнүндө келишимди түзүүгө уюштуруу документтеринде аныкталган субъекттин башкаруу органынын чечими (макулдугу);
8) кепилчилик келишимине, күрөө келишимине (кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга күрөө берилген учурда), ошондой эле акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын паспортунун көчүрмөсү;
9) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымат жана (же) маалымкат;
10) бизнес-план.
Эгерде документтер "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган болсо, ушул пункттун 2, 3 жана 9-пунктчаларынын айрым бөлүктөрү колдонулбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кепилчилик берүүгө арызды кароодо төмөнкүдөй документтердин бири же бир нечеси кошумча берилет:
1) тармактык ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу менен техникалык-экономикалык негиздеме;
2) тармактык ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу менен долбоордук-сметалык документтер;
3) сатып алынуучу жабдууларга, курулмаларга жана башка объекттерге окшош прайс-баракчалар;
4) контракттар, келишимдер жана макулдашуулар;
5) кепилчилик алууга талапкер субъекттин уюштуруучулары менен уюмдардын жана (же) аффилирленген уюмдардын уюштуруу документтери жана акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттору;
6) субъекттин эсептерин тейлеген коммерциялык банктардан акыркы алты ай ичиндеги алыш-бериш эсептери боюнча жүгүртүүлөр тууралуу маалымат жана (же) маалымкат;
7) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган, финансы-кредиттик уюмдардын алдында карызынын жоктугу/бардыгы тууралуу маалымат жана (же) маалымкат.

11. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелегенге чейин төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) берилген документтердин толуктугун жана/же тууралыгын текшерүү;
2) Кыргыз Республикасынын экономикалык иши, улуттук жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн субъекттин стратегиялык маанисин баалоо;
3) бизнес-планга, ТЭНге жана башка документтерге ылайык долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү.
12. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы жана кепилчилик берүүчүдөн алынган документтердин толук топтомун кароонун натыйжалары боюнча экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө же баш тартуу жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алат.

121. Кепилчилик берүүчү ушул Тартиптин 9 жана 10-пункттарында каралган документтердин толук топтомун алган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде берилген документтерди карап чыгат жана натыйжалары жөнүндө экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.
Берилген документтерде же маалыматта шайкеш келбестиктер аныкталган учурда кепилчилик берүүчү белгиленген тартипте көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштамаларды жөнөтөт.

13. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:
1) субъектке мурда кепилчилик берилип, ал боюнча финансылык тартип бузуулар келип чыкса, бул субъект тарабынан милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай эмес аткарылгандыгы жөнүндө кредит берүүчүнүн билдирүүсү же кабарлоосу менен ырасталса;
2) эгерде субъектке берилүүчү кредиттик каражаттар кредит берүүчү тарабынан бюджеттик кредит түрүндө алынган болсо;
3) ушул Тартиптин 9 жана 10-пункттарына ылайык талап кылынган документтер берилбесе.
4) эгерде субъект кредит берүүчү тарабынан жогорку тобокелдик категориясына киргизилсе.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлору төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) кепилчилик берилүүчү субъекттин аталышы;
2) милдеттенменин сүрөттөлүшү жана максаты (кредиттик, лизингдик келишим же банктык кепилдик);
3) кепилчиликтин суммасы жана валютасы;
4) карыздын суммасын акцептсиз эсептен чыгаруу укугу жана кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун башка ыкмалары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Кепилчилик берүүнүн шарттары
15. Кепилчиликти алууга талапкер субъект төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын резиденти;
2) субъекттин салымы долбоордун жалпы наркынын 30 пайызынан кем болбоого тийиш, муну менен бирге долбоорду жана/же ишти жүзөгө ашырууда ишенимдүүлүк жана туруктуулук көрсөтүлүшү керек;
3) өлкөнүн экономикасы, азык-түлүк жана/же улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниси;
4) бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча, ошондой эле бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу.
Ушул пункттун 2 жана 4-пунктчалары өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана/же улуттук коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон учурларда мамлекеттик, муниципалдык органдарга, ошондой эле уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге карата колдонулбайт.
Ушул пункттун 2-пунктчасында белгиленген талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун тизмесине киргизилген долбоорлорду ишке ашырууда алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан субъекттерге карата колдонулбашы мүмкүн.
16. Кредит берүүчүлөр кепилчилик берүүчүнү тартпастан эле субъектке субъекттин кредиттик тобокелдигин жана төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоону камтыган финансылык талдоону жүргүзөт, ошондой эле берилген кредиттик каражаттардын ички ченемдик документтерге жана колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иши жөнгө салынган кредит берүүчүлөргө карата көрсөтүлгөн жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана ички ченемдик документтерге ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кредит берүүчү же субъект (өз ара макулдашуу боюнча) долбоорду коштоо үчүн көз карандысыз аудиторду тартууга укуктуу.
18. Кепилчилик кредитти, лизингди жана (же) банктык кепилдикти берүү жөнүндө кредит берүүчүнүн корутундусун жана кол коюлган келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн алгандан кийин берилет. Кепилчилик берүү жөнүндө чечим кредит берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу алынгандан кийин гана кредиттик тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде кредит берүүчү тарабынан жүргүзүлгөн жана кепилчилик берүүчү тарабынан ырасталган кредиттик тобокелдикке талдоо жүргүзүлгөндөн жана төлөө жөндөмдүүлүгү ырасталгандан кийин кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
181. Наркы активдердин баланстык наркынын 20 жана андан ашык пайызын түзгөн кепилчиликтер үчүн кепилчилик берүүчү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген кредиттик тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде кредиттик тобокелдикке өз алдынча баалоо жүргүзүүгө укуктуу.

19. Кепилчилик менен кепилчилик берүүчүнүн тилектештик жана субсидиардык жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.
Эгерде кепилчилик берүүчү субъекттин жана (же) үчүнчү жактардын мүлкүнө, анын ичинде келечекте түзүлө турган же сатып алына турган мүлккө, ошондой эле кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча каржылоону пайдалануу менен ишке ашырылып жаткан объекттерге карата биринчи кезектеги күрөө кармоочу болуп саналса жана мындай камсыздоонун наркы кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелеринин суммасын толугу менен жапса, кепилчилик берүүчү кредит берүүчүнүн алдында тилектештик жоопкерчилигин тартат. Башка учурларда кепилчилик берүүчүнүн жоопкерчилиги субсидиардык болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кепилчилик берүү үчүн кепилчилик берүүчү тарабынан төмөндө келтирилген таблицага ылайык комиссия алынат:
Мезгилдүүлүк | Улуттук валюта | Чет өлкө валютасы | ||
Төмөн тобокелдик | Орто тобокелдик | Төмөн тобокелдик | Орто тобокелдик | |
Субсидиардык жоопкерчилик | ||||
Бир жолку | 1% | 1,5% | 1,5% | 2% |
Жыл сайын | 0,2% | 0,3% | 0,3% | 0,4% |
Тилектештик жоопкерчилик | ||||
Бир жолку | 1,5% | 2% | 2% | 2,5% |
Жыл сайын | 0,38% | 0,5% | 0,5% | 0,63% |
Эскертүү:
- ушул пунктта каралган бир жолку комиссия кепилчиликтин суммасына эсептелет жана кепилчилик келишими түзүлгөнгө чейин субъект тарабынан төлөнүүгө тийиш;
- ушул пунктта каралган ар жылдык комиссия ар бир жылдын 1-январына карата абалы боюнча кепилчилик суммасынын калдыгына эсептелет жана тиешелүү жылдын 1-мартына чейин субъект тарабынан төлөнүүгө тийиш.

201. Кепилчилик берүү жөнүндө маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө учурунда субъект тарабынан төлөнүүчү 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү административдик жыйым экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынат.
Ушул пунктта белгиленген талаптар мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ишканаларга жана мекемелерге, ошондой эле уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге карата колдонулбайт.

21. Өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана (же) улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ, уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъектке кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн жарымынан ашпаган, бирок 36 айдан ашык эмес мөөнөткө ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган комиссияны төлөө бөлүгүндө мөөнөтү кийинкиге жылдырып берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашыруучу субъектке уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган комиссияны төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу 24 айдан ашык эмес мөөнөткө берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 1-июлу № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
211. Кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча каржылоону пайдалануу менен ишке ашырылуучу объекттер пайдаланууга киргизилгенден кийин, ошондой эле кредит берүүчү каржылоонун натыйжаларын көрсөтүлгөн келишим боюнча камсыздоо катары кабыл алгандан кийин, эгерде кабыл алынган камсыздоо субъекттин келишим боюнча милдеттенмелеринин калдыгын жапса, кредит берүүчү кепилчилик берүүчүнү кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелерден бошотууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
212. Эгерде кредит берүүчү камсыздоо кабыл алынгандан кийин кепилдикти сактоо жөнүндө чечим кабыл алса, анын ичинде каржылоо объекттерин, мындай камсыздоо кабыл алынган учурга карата кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча субъекттин милдеттенмелеринин калдыгын жабуучу субъекттин же үчүнчү жактын башка мүлкүн кошкондо, кредит берүүчүдөн ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык жыл сайын комиссия алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Эгерде кредиттик каражаттар субъект тарабынан толук өздөштүрүлбөсө, анда кепилчилик суммасы кредиттик келишимге/макулдашууга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө кошумча макулдашууга ылайык кепилчилик келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен азайтылат, бул учурда төлөнгөн бир жолку комиссия кайтарылбайт (толугу менен же жарым-жартылай).
23. Кредиттик, лизингдик ресурстарды максатсыз пайдалангандыгы, субъект тарабынан анык эмес маалыматтарды жана документтерди бергендиги, ошондой эле кепилчилик берүүчүнүн макулдугусуз кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча субъекттин өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө түздөн-түз же кыйыр таасирин тийгизген үчүнчү жактар менен кандай гана болбосун келишимдерге субъект тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизгендиги үчүн кепилчилик берүүчү кепилдик келишиминин шарттарына ылайык кепилдиктин жалпы суммасынын 5 пайыз өлчөмүндө үстөк айыпты субъекттен өндүрүп алууга укуктуу.
Үстөк айыптын суммасы кепилчилик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
231. Кредит берүүчү тарабынан кепилчилик берүүчү үчүн жоопкерчиликтин көбөйүшүнө же башка жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле кепилчилик берүүчүнүн макулдугусуз кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимге башка өзгөртүүлөр киргизилгенде, кепилчилик берүүчү кепилдик берүүнүн жалпы суммасынан 5 пайыз өлчөмүндө айып пулду төлөөнү талап кылууга укуктуу.
Кепилчилик берүүчү кабарлоону алгандан кийин кредит берүүчү билдирүүдө көрсөтүлгөн айыптын суммасын төлөөгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Кепилчилик келишимин тариздөө менен байланышкан бардык чыгымдар субъектке жүктөлөт.
25. Субъекттен, үчүнчү жактардан же кепилчилик берүүчүдөн кандай болбосун акча каражаттары, анын ичинде кредит берүүчү тарабынан алынган пайыздар боюнча субсидиялар кредит берүүчүгө түшкөн учурда кепилчилик берүүчүнүн кредит берүүчү алдындагы милдеттенмелери мындай тындыруунун суммасына пропорциялуу азайтылат. Күрөө мүлкүн сатып өткөрүүдөн алынган каражаттар да кепилчилик берүүчүнүн кредит берүүчү алдындагы милдеттенмелерин азайтат.

26. Келишим боюнча кепилчилик менен камсыздалган милдеттенмелер субъект тарабынан аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда кепилчилик берүүчүнүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жана кепилчилик суммасынын өлчөмүндө аныкталат.
Мында кепилчилик берүүчү субъект менен кредит берүүчүнүн ортосунда бекитилген графикке ылайык милдеттенмелерди аткарат, отчеттук жылдын аягында тиешелүү отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча төлөмдөрдү жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Кепилчилик берүүчүнүн кепилдикти аткаруу боюнча милдеттенмелери кепилчиликке түзүлгөн резервдердин каражаттарынын жана өздүк капиталдын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мында төлөнбөгөн милдеттенмелердин жылдык көлөмү кепилчиликке жана өздүк капиталга түзүлгөн резервдердин көлөмүнүн 80 пайызынан ашпоого тийиш.

28. Тараптардын макулдашуусу боюнча кепилчилик берүүчү мамлекеттик карыздык баалуу кагаздарды (мамлекеттик казыналык облигацияларды, мамлекеттик казыналык векселдерди) алардын номиналдык наркы боюнча өткөрүп берүү жолу менен кредит берүүчүнүн алдында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Кепилчилик берүүчүнүн субъекттин милдеттенмелерин аткаруу боюнча милдети субъект тарабынан милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү бузулган учурда келип чыгат. Мында кредит берүүчү кепилчилик берүүчүгө субъект тарабынан жол берилген келишимдин шарттары бузулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
30. Эгерде каржылоону берүү кармалган учурда, ошондой эле кредит берүүчүнүн келишимдин шарттарын, анын ичинде каражаттарды которуу мөөнөттөрүн бузуу менен көрүнгөн башка аракеттери же аракетсиздиги, милдеттенмелерди мыйзамдуу негиздерсиз аткаруудан баш тартуу же болбосо анын демилгеси боюнча жол берилген башка бузуулар долбоорду ишке ашыруу үчүн терс кесепеттерге алып келсе жана субъекттин финансылык абалын начарлатса, анын ичинде анын төлөөгө жөндөмсүздүгү келип чыкса, субъект тарабынан бардык келишимдик милдеттенмелер талаптагыдай аткарылган шартта кредит берүүчү камсыз кылынган милдеттенмелерди аткаруу боюнча кепилчилик берүүчүгө талап коюу укугунан ажырайт.
Кредит берүүчү өзүнүн жоопкерчилигин сотко чейинки тартипте таануудан баш тарткан учурда талаш-тартышты чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
31. Кепилчилик берүүчүнүн ушул Тартиптин 29-пунктунда көрсөтүлгөн милдети кредит берүүчү тарабынан субъекттин ссудалык эсеби боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмө жана кепилчилик келишиминде каралган башка документтер берилгенден кийин келип чыгат. Ошол эле учурда, эгерде кепилчилик келишиминде кепилчилик берүүчүнүн субсидиардык жоопкерчилиги каралса, кредит берүүчү ошондой эле кепилчилик келишиминде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте субъекттен карызды өндүрүү боюнча чараларды көрүүнү ырастаган документтерди берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Кепилчиликти аткарууга алып келген окуя болгон учурда кредит берүүчү кепилчилик берүүчүнүн дарегине тиешелүү кабарлоону жөнөтөт, анда кабарлоо жиберилген датага карата негизги карыздын жана чегерилген пайыздардын суммасы көрсөтүлөт. Карызды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу жөнүндө кабарлоо берилген учурдан тартып кредит берүүчү үстөк айыпты чегерүүнү токтотуп турууга милдеттүү.
33. Кепилчилик берүүчү субъекттин милдеттенмелерин аткарган жана субъект тарабынан кепилчилик келишиминин шарттарын бузуу фактысы аныкталган учурда кепилчилик берүүчү каражаттарды кайтаруунун төмөнкүдөй бир же бир нече механизмдерди колдонууга укуктуу:
1) акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу келишимине ылайык коммерциялык банктагы алыш-бериш эсебинде акча каражаттары болсо, кепилчилик берүүчү карыздын суммасын акцептсиз эсептен чыгарууну демилгелөөгө укуктуу;
2) субъекттин активдерин карызды азайтуу жана/же төлөөнүн эсебине кабыл алуу;
3) финансылык контролдоочуну дайындоо - кепилчилик берүүчү карызды андан ары төлөө максатында анын активдерине, финансылык агымдарына жана милдеттенмелердин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу менен субъектке карата финансылык контролдоочуну дайындоону демилгелөөгө укуктуу. Кредит берүүчү менен биргеликте кепилчилик берүүчү долбоорду ишке ашыруунун жана карызды төлөөнүн алкагында каражаттарды сарамжалдуу, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу менен алардын сарпталышын контролдоого катышууга да укуктуу;
4) субъекттин карызын башка жакка которуу. Эгерде милдеттенмелерди аткаруунун ишенимдүүлүгү жогоруласа, кепилчилик берүүчүнүн макулдугу менен жол берилет;
5) субъект милдеттенмелерди аткарбаган учурда кепилчилик берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттук териштирүүнү демилгелөөгө укуктуу.
34. Кепилчилик берүүчү субъекттин милдеттенмелерин (жарым-жартылай же толук көлөмдө) аткаргандан кийин кепилчилик берүүчүгө аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө кредит берүүчүнүн бардык укуктары өтөт. Мында кредит берүүчү кепилчилик берүүчү тарабынан милдеттенмелер аткарылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө карызкор-субъектке карата талап кылуу укугун күбөлөндүргөн бардык документтерди ага өткөрүп берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн документтер өз убагында берилбеген учурда кредит берүүчү кепилчилик келишиминин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында кепилчилик берүүчү тарабынан төлөнгөн каражаттарды кайтарып берүү субъект тарабынан кредиттик келишимдин шарттарына окшош шарттарда (мөөнөттөрү, пайыздык ставкасы, үстөк айыптары жана башкалар) жүзөгө ашырылат жана кепилчилик берүүчүнүн алдындагы карыз толук жоюлганга чейин чегерилет.
Кепилчилик берүүчү тарабынан кредит берүүчүгө төлөнгөн каражаттардын эсебинен эсептелген пайыздар, үстөк айыптар кепилчилик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.
35. Кепилчилик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык берилет.
4-глава. Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен кепилчилик берүү шарттарынын өзгөчөлүктөрү
36. Кепилчилик субъекттин кредит боюнча күрөөнү камсыз кылбаган милдеттемелеринин бир бөлүгүн жабуу үчүн долбоордун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө берилет.
37. Кепилчилик берүү үчүн экономикалык долбоордун суммасы 30000000 (отуз миллион) сомдон 250000000 (эки жүз элүү миллион) сомго чейинки сумманы түзөт.
38. Кепилчилик Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, республиканын бардык региондорунда, шаарларында жана облустарында иш жүргүзгөн субъекттерге берилет.
39. Кепилчилик берүү үчүн субъекттерди тандоо региондорду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан тиешелүү корутундуну экономикалык божомолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Министрлер Кабинетинин чечимин демилгелөө үчүн жөнөтүү менен жүргүзүлөт.
40. Кепилчилик субсидиардык жоопкерчилик түрүндө берилет.
41. Каражаттарды түзүүнүн булагы болуп региондорду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин кепилчилик боюнча милдеттенмелерди аткарууга арналган кепилчилик берүүчүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө которуу аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоого бекитилген каражаттардын 20 пайызы болуп эсептелет.
42. Кепилчилик берүүчүнүн кепилчиликти аткаруу боюнча милдеттенмелери уставдык капиталдын кепилчилик берүүгө каралган каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Мында милдеттенмелердин жылдык көлөмү региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынан кепилчилик берүүгө каралган каражаттардын жалпы көлөмүнүн 80 пайызынан ашпоого тийиш.
43. Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган субъекттердин милдеттенмелери боюнча кепилчилик берилбейт.
5-глава. Кепилчилик берүүнү токтотуу
44. Кепилчилик берүү алар камсыздаган милдеттенмелер токтотулганда, ошондой эле кепилчилик берүүчүнүн макулдугусуз анын жоопкерчилигин жогорулатууга же башка жагымсыз кесепеттерге алып келген өзгөртүү киргизилген учурда токтотулат.
45. Эгерде кепилчилик берүүчү кредит берүүчүгө жаңы карызкор үчүн жооп берүүгө макулдук бербесе, кепилчилик менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызды башка жакка которуу менен кепилчилик токтотулат.
46. Эгерде алар камсыздаган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келгенде кредит берүүчү субъект же кепилчилик берүүчү тарабынан сунушталган талаптагыдай аткарууну кабыл алуудан баш тартса, кепилчилик токтотулат.
47. Кепилчилик кепилчилик келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин токтотулат. Эгерде мындай мөөнөт белгиленбесе, кепилчилик менен камсыздалган милдеттенмени аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып бир жылдын ичинде кредит берүүчү кепилчилик берүүчүгө талап койбосо, ал токтотулат. Негизги милдеттенмени аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө жана аны аныктоого мүмкүн болбосо же талап кылуу учуру менен аныкталса, кредит берүүчү кепилчилик келишими түзүлгөн күндөн тартып эки жылдын ичинде кепилчилик берүүчүгө талап койбосо, кепилчилик токтотулат.
48. Эгерде төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоодо жана кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда кредит берүүчү олуттуу фактыларды жашырса же билип туруп анык эмес маалыматтарды берсе, бул өз кезегинде зайымчынын төлөөгө жөндөмсүздүгүнө алып келсе, кепилчилик токтотулат.
6-глава. Берилген кепилчиликтин алкагында субъекттин ишине мониторинг жүргүзүү
49. Кепилчилик берүүчү түзүлгөн кепилчилик келишиминин алкагында субъекттин ишине, анын ичинде бир жолку комиссиянын каражаттарынын эсебинен тиешелүү тармакта кесиптик иш тажрыйбасы бар көз карандысыз эксперттерди жана адистерди тартуу менен мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.
50. Субъект кепилчилик берүүчүнүн биринчи талабы боюнча анын ишин сапаттуу жана объективдүү талдоо үчүн зарыл болгон бардык суралган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
7-глава. Кепилчилик берүү үчүн каражаттарды түзүү булактары
51. Кепилчилик берүү үчүн каражаттарды түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын республикалык бюджетте тиешелүү жылга субъекттерге кепилчилик берүү механизмин ишке ашыруу үчүн жыйынды чыгымдардын (кепилчилик берүү каражаттарын эсепке албаганда) көлөмүнүн 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө кепилчилик берүүчүнүн кепилчилик боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган уставдык капиталын көбөйтүүгө которуу аркылуу караган каражаттар;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган топтоо эсептеринде топтолгон, аларды тескөө донорлордун макулдугун талап кылбаган жана/же донорлордун макулдугу менен жүргүзүлгөн каражаттар;
3) кепилчилик берүүчүнүн уставдык капиталынын кепилчилик берүүгө арналган каражаттары;
4) аларды тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактары.
8-глава. Кепилчилик берүү үчүн каражаттарды түзүү тартиби
52. Кепилчилик берүү үчүн каралган уставдык капиталдын каражаттары төмөнкүлөргө жайгаштырылат:
1) коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерге;
2) мамлекеттик баалуу кагаздарга;
3) баалуу металлдарга;
4) кепилчилик берүүчүнүн уставдык ишине ылайык башка финансылык инструменттерге.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 токтомуна ) |
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 1-июлу № 454, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан ыйгарым укук берилген жактын улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү жол-жобосун жөнгө салат.
2. Кепилчилик кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча улуттук экономиканын субъекттеринин (мындан ары – субъекттер) милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган юридикалык жактарга берилет.
Кепилчилик тиешелүү документтер менен ырасталган инвестордун долбоорду каржылоого катышуусу долбоордун жалпы наркынын 30 (отуз) пайызынан кем эмесин түзгөн учурларды кошпогондо, инвестициялык макулдашуулар боюнча субъекттердин милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн берилиши мүмкүн эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кепилчиликтин максаты - Кыргыз Республикасынын экономикалык, улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле экономиканын тармактарынын туруктуулугун жана өнүгүүсүн колдоо.
4. Кепилчилик кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча милдеттенмелерди толугу менен же күрөөлүк камсыздоо менен жабылбаган бөлүгүн камсыз кылуу үчүн берилет.
Ошол эле учурда субъекттин күрөө менен толук камсыз кылынбаган милдеттенмелери боюнча кепилчилик берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде өлкөнүн экономикалык жана/же улуттук коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда гана жол берилет.
Ушул пункттун жоболору ушул Тартиптин 41-пунктунда каралган талаптарды эске алуу менен колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
41. Кепилчиликтин өлчөмү кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган карыздын негизги суммасын, эсептелген пайыздарды жана башка төлөмдөрдү камтыган кредит, лизинг, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча субъекттин милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 80 пайызынан ашпоого тийиш.
Кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган карыздын негизги суммасын, эсептелген пайыздарды жана башка төлөмдөрдү камтыган кредит, лизинг, банктык кепилдик, подряд келишими (макулдашуусу) боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө төмөнкүлөргө карата кепилчилик берүүгө жол берилет:
– мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ишканаларга жана мекемелерге;
– уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмесине киргизилген долбоорлорду ишке ашырууда уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан субъекттерге.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кепилчилик кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнө берилет жана кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелери аткарылгандан кийин өз аракетин токтотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) улуттук коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын ички жана тышкы коркунучтардан корголушунун кепилденген абалы;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, координациялык жөнгө салуу жана аткаруу функцияларын аткаруу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Министрлер Кабинети тарабынан экономикалык өнүктүрүү жаатында жана салык чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
4) кепилчилик - кепилчилик берүүгө Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген жак тарабынан берилүүчү субъекттин финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу механизми;
5) азык-түлүк коопсуздугу - республиканын азык-түлүккө көз карандысыздыгын камсыз кылуучу жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн белгиленген минималдуу ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берүүчү Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;
6) экономикалык коопсуздук - бул улуттук экономиканын тышкы жана ички коркунучтардан корголушунун абалы, экономикалык системанын туруктуулугунун узак мөөнөттүү абалы, ошондой эле экономикалык иштин субъекттеринин керектөөлөрүн канааттандыруу жана кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган экономикалык өнүгүү жөндөмдүүлүгү, татыктуу жашоо деңгээлин колдоо жөндөмдүүлүгү;
7) кепилчилик каражаттары - кепилчилик берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн кепилчилик берүүчүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн акча каражаттарынын жыйындысы.
Кепилчилик каражаттары кепилчилик берүүчүнүн учурдагы ишин, анын ичинде кийин милдеттүү түрдө чыгымдалган каражаттардын ордун толтуруу менен административдик, уюштуруучулук жана башка операциялык чыгымдарды камсыз кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн;
8) кепилчилик берүүчү - Министрлер Кабинети тарабынан кепилчилик берүүгө ыйгарым укук берилген жак;
9) кредит берүүчү - субъектке кредит, лизинг берүүчү жана белгиленген мөөнөттө берилген акчаны же мүлктү кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу уюм;
10) улуттук экономиканын субъекти - Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамда белгиленген тартипте катталган жана ушул Тартипте белгиленген критерийлерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк, коммерциялык, финансылык же башка чарбалык ишти жүзөгө ашырган юридикалык жак.
11) тармактык мамлекеттик орган - экономиканын тиешелүү тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
12) негизги келишим – кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик берүү жөнүндө келишим, подряд келишими (макулдашуусу);
13) контрагент – негизги келишимдин тарабы болуп саналган жак, анын пайдасына подряд келишими (макулдашуусу) боюнча субъекттин милдеттенмелерин аткаруу камсыз кылынат. Контрагент деп заказчы субъекттин милдеттенмелеринин аткарылышы камсыз кылынган подрядчы түшүнүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган милдеттенмелер боюнча кепилчилик берүүчүнүн каражаттарынын ликвиддүүлүгүнө жыл сайын мониторинг жүргүзөт жана белгиленген тартипте республикалык бюджетте каражаттарды карайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Кепилчилик берүү жөнүндө чечим
7. Субъекттерге кепилчилик берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
8. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорунун демилгечиси болуп чыгат.
9. Министрлер Кабинети тарабынан субъектке кепилчилик берүү жөнүндө чечим кабыл алууну демилгелөө үчүн экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
1) кепилчилик берүү жөнүндө арыз;
2) каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо тууралуу күбөлүк, патент, уюштуруу келишими) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) жетекчинин паспортунун жана кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечимдин көчүрмөлөрү;
4) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчет, ал эми эгерде субъект үч жылдан аз убакыт бою иш жүргүзгөн болсо - иштин бүткүл мезгили үчүн финансылык отчет;
5) кредит берүү шарттарын чагылдырган кредиттик келишимдин долбоору жана/же кредиттик комитеттин чечими, финансылык ижара (лизинг) келишиминин долбоору, банктык кепилдик берүү жөнүндө келишимдин долбоору, подряд келишиминин (макулдашуусунун) долбоору;
6) кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууну ырастаган документтер, анын ичинде төмөнкүдөй документтердин бири же бир нечеси:
- күрөөгө коюлуп жаткан мүлккө менчик укугун же аны пайдалануу укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- кошумча кепилчилик берүүчү - юридикалык жактын каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк, уюштуруу келишими) мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле уюштуруу документтеринде аныкталган юридикалык жактын башкаруу органынын кепилчилик келишими боюнча субъекттин милдеттенмелери боюнча кошумча кепилчилик берүүчү болууга макулдугу жөнүндө чечими;
- кошумча кепилчилик берүүчү - жеке жактын паспортунун көчүрмөлөрү;
- кепилчилик келишими боюнча субъекттин милдеттенмелерин камсыз кылуу катары банктык кепилдикти берүүнүн шарттарын чагылдырган банк кепилдигинин долбоору жана/же кредиттик комитеттин чечими;
- кепилчилик берүүчүгө акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгарууга укук берүү жөнүндө уюштуруу документтери менен аныкталган субъекттин башкаруу органынын чечими (макулдугу);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка камсыздоого документтердин көчүрмөлөрү;
7) көрсөтүлгөн келишимдерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамды көрсөтүү менен кепилчилик келишимин, күрөө келишимин (кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга күрөө берилген учурда), ошондой эле акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу жөнүндө келишимди түзүүгө уюштуруу документтеринде аныкталган субъекттин башкаруу органынын чечими (макулдугу);
8) кепилчилик келишимине, күрөө келишимине (кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууга күрөө берилген учурда), ошондой эле акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын паспортунун көчүрмөсү;
9) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымат жана (же) маалымкат;
10) бизнес-план.
Эгерде документтер "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган болсо, ушул пункттун 2, 3 жана 9-пунктчаларынын айрым бөлүктөрү колдонулбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кепилчилик берүүгө арызды кароодо төмөнкүдөй документтердин бири же бир нечеси кошумча берилет:
1) тармактык ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу менен техникалык-экономикалык негиздеме;
2) тармактык ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу менен долбоордук-сметалык документтер;
3) сатып алынуучу жабдууларга, курулмаларга жана башка объекттерге окшош прайс-баракчалар;
4) контракттар, келишимдер жана макулдашуулар;
5) кепилчилик алууга талапкер субъекттин уюштуруучулары менен уюмдардын жана (же) аффилирленген уюмдардын уюштуруу документтери жана акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттору;
6) субъекттин эсептерин тейлеген коммерциялык банктардан акыркы алты ай ичиндеги алыш-бериш эсептери боюнча жүгүртүүлөр тууралуу маалымат жана (же) маалымкат;
7) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган, финансы-кредиттик уюмдардын алдында карызынын жоктугу/бардыгы тууралуу маалымат жана (же) маалымкат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелегенге чейин төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) берилген документтердин толуктугун жана/же тууралыгын текшерүү;
2) Кыргыз Республикасынын экономикалык иши, улуттук жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн субъекттин стратегиялык маанисин баалоо;
3) бизнес-планга, ТЭНге жана башка документтерге ылайык долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү.
12. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы жана кепилчилик берүүчүдөн алынган документтердин толук топтомун кароонун натыйжалары боюнча экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө же баш тартуу жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
121. Кепилчилик берүүчү ушул Тартиптин 9 жана 10-пункттарында каралган документтердин толук топтомун алган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде берилген документтерди карап чыгат жана натыйжалары жөнүндө экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.
Берилген документтерде же маалыматта шайкеш келбестиктер аныкталган учурда кепилчилик берүүчү белгиленген тартипте көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштамаларды жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:
1) субъектке мурда кепилчилик берилип, ал боюнча финансылык тартип бузуулар келип чыкса, бул субъект тарабынан милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай эмес аткарылгандыгы жөнүндө кредит берүүчүнүн жана/же контрагенттин билдирүүсү же кабарлоосу менен ырасталса;
2) эгерде субъектке берилүүчү кредиттик каражаттар кредит берүүчү тарабынан бюджеттик кредит түрүндө алынган болсо;
3) ушул Тартиптин 9 жана 10-пункттарына ылайык талап кылынган документтер берилбесе.
4) эгерде субъект кредит берүүчү жана/же кепилчилик берүүчү тарабынан жогорку тобокелдик категориясына киргизилсе.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлору төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) кепилчилик берилүүчү субъекттин аталышы;
2) милдеттенменин сыпаттамасы жана максаты (кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу);
3) кепилчиликтин суммасы жана валютасы;
4) карыздын суммасын акцептсиз эсептен чыгаруу укугу жана кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун башка ыкмалары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3-глава. Кепилчилик берүүнүн шарттары
15. Кепилчиликти алууга талапкер субъект төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын резиденти;
2) субъекттин салымы долбоордун жалпы наркынын 30 пайызынан кем болбоого тийиш, муну менен бирге долбоорду жана/же ишти жүзөгө ашырууда ишенимдүүлүк жана туруктуулук көрсөтүлүшү керек;
3) өлкөнүн экономикасы, азык-түлүк жана/же улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниси;
4) бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча, ошондой эле бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу.
Ушул пункттун 2 жана 4-пунктчалары өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана/же улуттук коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон учурларда мамлекеттик, муниципалдык органдарга, ошондой эле уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге карата колдонулбайт.
Ушул пункттун 2-пунктчасында белгиленген талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмесине киргизилген долбоорлорду ишке ашырууда алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан субъекттерге карата колдонулбашы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кредит берүүчүлөр кепилчилик берүүчүнү тартпастан эле субъектке субъекттин кредиттик тобокелдигин жана төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоону камтыган финансылык талдоону жүргүзөт, ошондой эле берилген кредиттик каражаттардын ички ченемдик документтерге жана колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайык максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан иши жөнгө салынган кредит берүүчүлөргө карата көрсөтүлгөн жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына жана ички ченемдик документтерге ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кредит берүүчү, контрагент же субъект (өз ара макулдашуу боюнча) долбоорду коштоо үчүн көз карандысыз аудиторду тартууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Кепилчилик берүүчү тарабынан төмөнкүлөр алынгандан кийин кепилчилик берилет:
1) субъекттин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча кредит, лизинг жана/же банктык кепилдик берүү жөнүндө кредит берүүчүнүн корутундусу жана кол коюлган келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Кепилчилик берүү жөнүндө чечим кредит берүүчү тарабынан жүргүзүлгөн жана кепилчилик берүүчү тарабынан ырасталган кредиттик тобокелдикти талдоодон, төлөөгө жөндөмдүүлүк тастыкталгандан кийин кредиттик тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде кредит берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу алынгандан кийин гана кабыл алынат;
2) подряд келишими (макулдашуусу) боюнча контрагенттин ыйгарым укуктуу башкаруу органынын корутундусу жана/же чечими.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
181. Наркы активдердин баланстык наркынын 20 жана андан ашык пайызын түзгөн кепилчиликтер үчүн кепилчилик берүүчү бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген кредиттик тобокелдиктерди баалоо методикасынын негизинде кредиттик тобокелдикке өз алдынча баалоо жүргүзүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кепилчилик менен кепилчилик берүүчүнүн тилектештик жана субсидиардык жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.
Эгерде кепилчилик берүүчү субъекттин жана/же үчүнчү жактардын мүлкүнө, анын ичинде келечекте түзүлө турган же сатып алына турган мүлккө, ошондой эле кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча каржылоону пайдалануу менен ишке ашырылып жаткан объекттерге карата биринчи кезектеги күрөө кармоочу болуп саналса жана мындай камсыздоонун наркы кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелеринин суммасын толугу менен жапса, кепилчилик берүүчү кредит берүүчүнүн жана/же контрагенттин алдында бирдей жоопкерчилик тартат. Башка учурларда кепилчилик берүүчүнүн жоопкерчилиги субсидиардык болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Кепилчилик берүү үчүн кепилчилик берүүчү тарабынан төмөндө келтирилген таблицага ылайык комиссия алынат:
Мезгилдүүлүк | Улуттук валюта | Чет өлкө валютасы | ||
Төмөн тобокелдик | Орто тобокелдик | Төмөн тобокелдик | Орто тобокелдик | |
Субсидиардык жоопкерчилик | ||||
Бир жолку | 1% | 1,5% | 1,5% | 2% |
Жыл сайын | 0,2% | 0,3% | 0,3% | 0,4% |
Тилектештик жоопкерчилик | ||||
Бир жолку | 1,5% | 2% | 2% | 2,5% |
Жыл сайын | 0,38% | 0,5% | 0,5% | 0,63% |
Эскертүү:
- ушул пунктта каралган бир жолку комиссия кепилчиликтин суммасына эсептелет жана кепилчилик келишими түзүлгөнгө чейин субъект тарабынан төлөнүүгө тийиш;
- ушул пунктта каралган ар жылдык комиссия ар бир жылдын 1-январына карата абалы боюнча кепилчилик суммасынын калдыгына эсептелет жана тиешелүү жылдын 1-мартына чейин субъект тарабынан төлөнүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
201. Кепилчилик берүү жөнүндө маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө учурунда субъект тарабынан төлөнүүчү 200000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү административдик жыйым экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынат.
Ушул пунктта белгиленген талаптар мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ишканаларга жана мекемелерге, ошондой эле уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге карата колдонулбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана (же) улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ, уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъектке кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн жарымынан ашпаган, бирок 36 айдан ашык эмес мөөнөткө ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган комиссияны төлөө бөлүгүндө мөөнөтү кийинкиге жылдырып берилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашыруучу субъектке уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган комиссияны төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу 24 айдан ашык эмес мөөнөткө берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 1-июлу № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
211. Кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча каржылоону пайдалануу менен ишке ашырылуучу объекттерди эксплуатацияга киргизүүдөн кийин, ошондой эле кредит берүүчү жана/же контрагент көрсөтүлгөн келишим боюнча каржылоонун натыйжаларын камсыздоо катары кабыл алгандан кийин, эгерде кабыл алынган камсыздоо субъекттин келишим боюнча калган милдеттенмелерин толук жапса, кредит берүүчү жана/же контрагент кепилчилик берүүчүнү кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелерден бошотууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
212. Эгерде кредит берүүчү жана/же контрагент каржылоо объекттерин, субъекттин же үчүнчү жактардын башка мүлкүн кошо алганда, кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча субъекттин мындай камсыздоо кабыл алынган учурдагы калган милдеттенмелерин жабуучу камсыздоону кабыл алгандан кийин кепилчиликти сактоо жөнүндө чечим кабыл алса, кредит берүүчүдөн жана/же контрагенттен ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык ар жылдык комиссия алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Эгерде каржылоо каражаттары субъект тарабынан толук өздөштүрүлбөсө же негизги келишим боюнча милдеттенмелердин көлөмү азайтылса, анда кепилчиликтин суммасы негизги келишимге өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө кошумча макулдашууга ылайык кепилчилик келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен азайтылат. Бул учурда төлөнгөн бир жолку комиссия толугу менен же жарым-жартылай кайтарылууга жатпайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Кредиттик, лизингдик ресурстарды максатсыз пайдалангандыгы, субъект тарабынан анык эмес маалыматтарды жана документтерди бергендиги, ошондой эле кепилчилик берүүчүнүн макулдугусуз кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишим боюнча субъекттин өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө түздөн-түз же кыйыр таасирин тийгизген үчүнчү жактар менен кандай гана болбосун келишимдерге субъект тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизгендиги үчүн кепилчилик берүүчү кепилдик келишиминин шарттарына ылайык кепилдиктин жалпы суммасынын 5 пайыз өлчөмүндө үстөк айыпты субъекттен өндүрүп алууга укуктуу.
Үстөк айыптын суммасы кепилчилик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, токтомунун редакцисына ылайык)
231. Кредит берүүчү жана/же контрагент тарабынан кепилчилик берүүчү үчүн жоопкерчиликтин көбөйүшүнө же башка жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ошондой эле кепилчилик берүүчүнүн макулдугусуз кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимге башка өзгөртүүлөр киргизилгенде, кепилчилик берүүчү кепилчиликтин жалпы суммасынан 5 пайыз өлчөмүндө айып пулду төлөөнү талап кылууга укуктуу.
Кепилчилик берүүчүдөн кабарлоо алынгандан кийин кредит берүүчү жана/же контрагент кабарлоодо көрсөтүлгөн айып пулдун суммасын төлөөгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Кепилчилик келишимин тариздөө менен байланышкан бардык чыгымдар субъектке жүктөлөт.
25. Субъекттен, үчүнчү жактардан же кепилчилик берүүчүдөн кандай болбосун акча каражаттары, анын ичинде кредит берүүчү тарабынан алынган пайыздар боюнча субсидиялар кредит берүүчүгө түшкөн учурда кепилчилик берүүчүнүн кредит берүүчү алдындагы милдеттенмелери мындай тындыруунун суммасына пропорциялуу азайтылат. Күрөө мүлкүн сатып өткөрүүдөн алынган каражаттар да кепилчилик берүүчүнүн кредит берүүчү алдындагы милдеттенмелерин азайтат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Келишим боюнча кепилчилик менен камсыздалган милдеттенмелер субъект тарабынан аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда кепилчилик берүүчүнүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жана кепилчилик суммасынын өлчөмүндө аныкталат.
Мында кепилчилик берүүчү кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда бекитилген графикке ылайык милдеттенмелерди аткарат, отчеттук жылдын аягында тиешелүү отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча төлөмдөрдү жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
27. Кепилчилик берүүчүнүн кепилдикти аткаруу боюнча милдеттенмелери кепилчиликке түзүлгөн резервдердин каражаттарынын жана өздүк капиталдын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мында төлөнбөгөн милдеттенмелердин жылдык көлөмү кепилчиликке жана өздүк капиталга түзүлгөн резервдердин көлөмүнүн 80 пайызынан ашпоого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Тараптардын макулдашуусу боюнча кепилчилик берүүчү мамлекеттик карыздык баалуу кагаздарды (мамлекеттик казыналык облигацияларды, мамлекеттик казыналык векселдерди) алардын номиналдык наркы боюнча өткөрүп берүү жолу менен кредит берүүчүнүн жана/же контрагенттин алдында кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
29. Кепилчилик берүүчүнүн субъекттин милдеттенмелерин аткаруу боюнча милдети субъект тарабынан милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү бузулган учурда келип чыгат. Мында кредит берүүчү жана/же контрагент кепилчилик берүүчүгө субъект тарабынан жол берилген келишимдин шарттары бузулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Эгерде каржылоону берүүнүн кечиктирилиши, ошондой эле келишимдин шарттарын, анын ичинде каражаттарды которуу мөөнөттөрүн бузуу, мыйзамдуу негиздерсиз өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартуу же алардын демилгеси боюнча жол берилген башка бузуулар түрүндөгү кредит берүүчүнүн жана/же контрагенттин аракеттери же аракетсиздиги долбоордун ишке ашырылышына терс таасирин тийгизет жана субъекттин финансылык абалынын начарлашына, анын ичинде төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн келип чыгышына алып келет, субъект тарабынан бардык келишимдик милдеттенмелер талаптагыдай аткарылган шартта кредит берүүчү жана/же контрагент камсыздалган милдеттенмелерди аткаруу боюнча кепилчилик берүүчүгө талап коюу укугун жоготот.
Кредит берүүчү жана/же контрагент сотко чейинки тартипте өзүнүн жоопкерчилигин таануудан баш тарткан учурда, талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Ушул Тартиптин 29-пунктунда көрсөтүлгөн кепилчилик берүүчүнүн милдети кредит берүүчү жана/же контрагент тарабынан субъекттин негизги келишим боюнча аткарылбай калган милдеттенмелеринин көлөмүн ырастаган күбөлөндүрүлгөн документтер, ошондой эле кепилчилик келишиминде каралган башка документтер берилгенден кийин келип чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Кепилчиликти аткарууга алып келген окуя болгон учурда кредит берүүчү кепилчилик берүүчүнүн дарегине тиешелүү кабарлоону жөнөтөт, анда кабарлоо жиберилген датага карата негизги карыздын жана чегерилген пайыздардын суммасы көрсөтүлөт. Карызды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу жөнүндө кабарлоо берилген учурдан тартып кредит берүүчү жана/же контрагент үстөк айыпты чегерүүнү токтотуп турууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Кепилчилик берүүчү субъекттин милдеттенмелерин аткарган жана субъект тарабынан кепилчилик келишиминин шарттарын бузуу фактысы аныкталган учурда кепилчилик берүүчү каражаттарды кайтаруунун төмөнкүдөй бир же бир нече механизмдерди колдонууга укуктуу:
1) акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу келишимине ылайык коммерциялык банктагы алыш-бериш эсебинде акча каражаттары болсо, кепилчилик берүүчү карыздын суммасын акцептсиз эсептен чыгарууну демилгелөөгө укуктуу;
2) субъекттин активдерин карызды азайтуу жана/же төлөөнүн эсебине кабыл алуу;
3) финансылык контролдоочуну дайындоо - кепилчилик берүүчү карызды андан ары төлөө максатында анын активдерине, финансылык агымдарына жана милдеттенмелердин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу менен субъектке карата финансылык контролдоочуну дайындоону демилгелөөгө укуктуу. Кредит берүүчү жана/же контрагент менен биргеликте кепилчилик берүүчү долбоорду ишке ашыруунун жана карызды төлөөнүн алкагында каражаттарды сарамжалдуу, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу менен алардын сарпталышын контролдоого катышууга да укуктуу;
4) субъекттин карызын башка жакка которуу. Эгерде милдеттенмелерди аткаруунун ишенимдүүлүгү жогоруласа, кепилчилик берүүчүнүн макулдугу менен жол берилет;
5) субъект милдеттенмелерди аткарбаган учурда кепилчилик берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттук териштирүүнү демилгелөөгө укуктуу.
34. Кепилчилик берүүчү субъекттин милдеттенмелерин (жарым-жартылай же толук көлөмдө) аткаргандан кийин кредит берүүчүнүн жана/же контрагенттин бардык укуктары аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө кепилчилик берүүчүгө өтөт. Мында кредит берүүчү жана/же контрагент кепилчилик берүүчү тарабынан милдеттенмелер аткарылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө карызкор субъектке карата талап кылуу укугун күбөлөндүргөн бардык документтерди ага өткөрүп берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн документтер өз убагында берилбеген учурда кредит берүүчү жана/же контрагент кепилчилик келишиминин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында кепилчилик берүүчү тарабынан төлөнгөн каражаттарды кайтаруу субъект тарабынан кредиттик келишимдин шарттарына окшош шарттарда (мөөнөттөрү, пайыздык ставкасы, үстөк айып жана башкалар) жүзөгө ашырылат жана кепилчилик берүүчүнүн алдындагы карыз толук төлөнгөнгө чейин эсептелет.
Эсептелген пайыздар, үстөк айып кепилчилик берүүчү тарабынан кредит берүүчүгө жана/же контрагентке төлөнгөн каражаттардын эсебинен кепилчилик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Кепилчилик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык берилет.
4-глава. Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен кепилчилик берүү шарттарынын өзгөчөлүктөрү
36. Кепилчилик субъекттин кредит боюнча күрөөнү камсыз кылбаган милдеттемелеринин бир бөлүгүн жабуу үчүн долбоордун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө берилет.
37. Кепилчилик берүү үчүн экономикалык долбоордун суммасы 30000000 (отуз миллион) сомдон 250000000 (эки жүз элүү миллион) сомго чейинки сумманы түзөт.
38. Кепилчилик Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, республиканын бардык региондорунда, шаарларында жана облустарында иш жүргүзгөн субъекттерге берилет.
39. Кепилчилик берүү үчүн субъекттерди тандоо региондорду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан тиешелүү корутундуну экономикалык божомолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Министрлер Кабинетинин чечимин демилгелөө үчүн жөнөтүү менен жүргүзүлөт.
40. Кепилчилик субсидиардык жоопкерчилик түрүндө берилет.
41. Каражаттарды түзүүнүн булагы болуп региондорду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин кепилчилик боюнча милдеттенмелерди аткарууга арналган кепилчилик берүүчүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө которуу аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоого бекитилген каражаттардын 20 пайызы болуп эсептелет.
42. Кепилчилик берүүчүнүн кепилчиликти аткаруу боюнча милдеттенмелери уставдык капиталдын кепилчилик берүүгө каралган каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Мында милдеттенмелердин жылдык көлөмү региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынан кепилчилик берүүгө каралган каражаттардын жалпы көлөмүнүн 80 пайызынан ашпоого тийиш.
43. Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган субъекттердин милдеттенмелери боюнча кепилчилик берилбейт.
5-глава. Кепилчилик берүүнү токтотуу
44. Кепилчилик берүү алар камсыздаган милдеттенмелер токтотулганда, ошондой эле кепилчилик берүүчүнүн макулдугусуз анын жоопкерчилигин жогорулатууга же башка жагымсыз кесепеттерге алып келген өзгөртүү киргизилген учурда токтотулат.
45. Эгерде кепилчилик берүүчү кредит берүүчүгө жана/же контрагентк жаңы карызкор үчүн жооп берүүгө макулдук бербесе, кепилчилик менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызды башка жакка которуу менен кепилчилик токтотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Эгерде алар камсыздаган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келгенде кредит берүүчү жана/же контрагент субъект же кепилчилик берүүчү тарабынан сунушталган талаптагыдай аткарууну кабыл алуудан баш тартса, кепилчилик токтотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Кепилчилик кепилчилик келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин токтотулат. Эгерде мындай мөөнөт белгиленбесе, кепилчилик менен камсыздалган милдеттенмени аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып бир жылдын ичинде кредит берүүчү кепилчилик берүүчүгө талап койбосо, ал токтотулат. Негизги милдеттенмени аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө жана аны аныктоого мүмкүн болбосо же талап кылуу учуру менен аныкталса, кредит берүүчү жана/же контрагент кепилчилик келишими түзүлгөн күндөн тартып эки жылдын ичинде кепилчилик берүүчүгө талап койбосо, кепилчилик токтотулат.