Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 токтомуна)

 

 

Улуттук экономиканын субъекттерине

кепилдик берүү тартиби

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) тарабынан ыйгарым укук берилген жактын улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү жол-жобосун жөнгө салат.

2. Кепилдик Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын резиденттери – юридикалык жактарга улуттук экономиканын субъекттеринин (мындан ары – субъекттер) кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында берилет.

Кепилдик тиешелүү документтер менен ырасталган инвестордун долбоорду каржылоого катышуусу долбоордун жалпы наркынын 30 (отуз) пайызынан кем эмесин түзгөн учурларды кошпогондо, инвестициялык макулдашуулар боюнча субъекттердин милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн берилиши мүмкүн эмес.

3. Кепилдиктин максаты – Кыргыз Республикасынын экономикалык, улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле экономиканын тармактарынын туруктуулугун жана өнүгүүсүн колдоо.

4. Кепилдик кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча күрөөлүк камсыздоо менен жабылбаган милдеттенмелерди толугу менен же анын бир бөлүгүн камсыз кылуу үчүн берилет.

5. Эгерде Министрлер Кабинетинин чечими менен башкача белгиленбесе, кепилдик кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнө берилет.

6. Бул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:

1) улуттук коопсуздук – инсандын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын ички жана тышкы коркунучтардан корголушунун кепилденген абалы;

2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, координациялык жөнгө салуу жана аткаруу функцияларын аткаруу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;

3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Министрлер Кабинети тарабынан экономикалык өнүктүрүү жаатында жана салык чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;

4) кепилдик – кепилдик берүүгө Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген жак тарабынан берилүүчү улуттук экономиканын субъекттеринин финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу механизми;

5) азык-түлүк коопсуздугу – республиканын азык-түлүккө көз карандысыздыгын камсыз кылуучу жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн белгиленген минималдуу ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берүүчү Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;

6) экономикалык коопсуздук – бул улуттук экономиканын тышкы жана ички коркунучтардан корголушунун абалы, экономикалык системанын туруктуулугунун узак мөөнөттүү абалы, ошондой эле экономикалык иштин субъекттеринин керектөөлөрүн канааттандыруу жана кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган экономикалык өнүгүү жөндөмдүүлүгү, татыктуу жашоо деңгээлин колдоо жөндөмдүүлүгү;

7) кепилдик каражаттары – кепилдик берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн кепилдик берүүчүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн акча каражаттарынын жыйындысы.

Кепилдик каражаттары кепилдик берүүчүнүн учурдагы ишин, анын ичинде кийин милдеттүү түрдө чыгымдалган каражаттардын ордун толтуруу менен административдик, уюштуруучулук жана башка операциялык чыгымдарды камсыз кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн;

8) кепилдик берүүчү – Министрлер Кабинети тарабынан кепилдик берүүгө ыйгарым укук берилген жак;

9) кредитор – субъектке кредит, лизинг берүүчү жана белгиленген мөөнөттө берилген акчаны же мүлктү кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу уюм.

 

2-глава. Кепилдик берүү жөнүндө чечим

 

7. Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

8. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилдик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорунун демилгечиси болуп чыгат.

9. Кепилдик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечимин демилгелөө үчүн субъект экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

        1) кепилдик берүү жөнүндө арыз;

2) каттоо жана уюштуруу документтеринин мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (устав, каттоо тууралуу күбөлүк, патент, уюштуруу келишими);

3) жетекчинин паспортунун жана кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечимдин көчүрмөлөрү;

4) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттор. Субъект үч жылдан аз иш жүргүзгөн учурда ишинин бардык мезгили үчүн финансылык отчет берилет;

5) кредит берүү шарттарын чагылдырган кредиттик келишимдин долбоору жана/же кредиттик комитеттин чечими;

6) милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун төмөнкү механизмдеринин бирин же бир нечесин камтыган кепилдик берүүчүнүн тобокелдиктерин минималдаштыруу ыкмалары: күрөө, банктык кепилдик, уюштуруучулардын жана үчүнчү жактардын кепилдиги, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка камсыздоолор;

7) кол коюуга ыйгарым укуктуу адамды көрсөтүү менен кепилдик келишимин жана күрөө тууралуу келишимди түзүүгө уюштуруучулардын чечими (макулдугу);

8) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат.

Ушул пункттун 2, 3 жана 8-пунктчаларынын айрым бөлүктөрү, эгерде документтер “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган учурда колдонулбайт.

10. Инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кепилдик берүүгө арызды кароодо төмөнкүдөй документтердин бири же бир нечеси кошумча берилет:

1) бекитилген техникалык-экономикалык негиздеме;

2) бекитилген долбоордук-сметалык документтер;

3) бизнес-план;

4) сатып алынуучу жабдууларга, курулмаларга ж.б. окшош прайс-баракчалар;

5) контракттар, келишимдер жана макулдашуулар;

6) кепилдик алууга талапкер субъекттин уюштуруучулары менен уюмдардын жана/же аффилирленген уюмдардын уюштуруу документтери жана акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттору;

7) субъекттин эсептерин тейлеген коммерциялык банктардан акыркы алты ай ичиндеги алыш-бериш эсептери боюнча жүгүртүүлөр тууралуу маалымкат;

8) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган, финансы-кредиттик уюмдардын алдында карызынын жоктугу/болушу тууралуу маалымкат.

11. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилдик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелегенге чейин төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

1) берилген документтердин толуктугун жана/же тууралыгын текшерүү;

2) Кыргыз Республикасынын экономикалык иши, улуттук жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн субъекттин стратегиялык маанисин баалоо;

3) бизнес-планга, ТЭНге жана башка документтерге ылайык долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү.

12. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте кепилдик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

13. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:

1) субъектке мурда кепилдик берилип, ал боюнча финансылык тартип бузуулар келип чыкса, бул субъект тарабынан милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай эмес аткарылгандыгы жөнүндө кредитордун кабарлоосу же билдирүүсү менен ырасталса;

2) эгерде субъектке берилүүчү кредиттик каражаттар кредит берүүчү тарабынан бюджеттик кредит түрүндө алынган болсо;

3) ушул Тартиптин 9 жана 10-пункттарына ылайык талап кылынган документтер берилбесе.

14. Кепилдик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлору төмөнкүлөрдү камтышы керек:

1) кепилдик берилүүчү субъекттин аталышы;

 2) милдеттенменин сүрөттөлүшү жана максаты (кредиттик, лизингдик келишим же банктык кепилдик);

 3)  кепилдиктин суммасы жана валютасы;

4) карыздын суммасын акцептсиз эсептен чыгаруу укугу жана кепилдик берүүчүнүн милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу ыкмасы.

 

3-глава. Кепилдик берүүнүн шарттары

 

15. Кепилдикти алууга талапкер субъект төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын резиденти;

2) субъекттин салымы долбоордун жалпы наркынын 30 пайызынан кем болбоого тийиш, муну менен бирге долбоорду жана/же ишти жүзөгө ашырууда ишенимдүүлүк жана туруктуулук көрсөтүлүшү керек;

3) өлкөнүн экономикасы, азык-түлүк жана/же улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниси;

4) бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча, ошондой эле бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу.

Ушул пункттун 2 жана 4-пунктчалары өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана/же улуттук коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон учурларда мамлекеттик, муниципалдык органдарга, ошондой эле уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге карата колдонулбайт.

16. Кредит берүүчүлөр субъектке финансылык талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат. Кредит жактырылган жана берилген учурда кредит берүүчү кредиттик келишим/макулдашуу колдонулган мезгилде кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө карата субъекттин төлөө жөндөмдүүлүгүнө жыл сайын талдоо жүргүзүүгө милдеттүү.

17. Кредит берүүчү же субъект (өз ара макулдашуу боюнча) долбоорду коштоо үчүн көз карандысыз аудиторду тартууга укуктуу.

18. Кепилдик субъекттин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоонун жыйынтыгы боюнча кредитти, лизингди жана/же банктык кепилдикти берүү жөнүндө кредит берүүчүнүн жактырылган корутундусу жана кол коюлган келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кепилдик берүүчү тарабынан алынгандан кийин берилет.

19. Кепилдик менен кепилдик берүүчүнүн тилектештик жана субсидиардык жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.

Эгерде кепилдик берүүчү кредит берүүчүнүн алдында кепилдик берүүчүнүн милдеттенмелеринин суммасын толугу менен жабуучу субъекттин мүлкүнө карата биринчи кезектеги күрөө кармоочу болуп саналса, ал тилектештик жоопкерчилигин тартат. Башка учурларда кепилдик берүүчүнүн жоопкерчилиги субсидиардык болуп саналат.

20. Кепилдик келишимин түзгөнгө чейин кепилдик берүү үчүн кепилдик берүүчүдөн төмөнкү өлчөмдөгү бир жолку комиссия алынат:

1) эгерде кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенменин өлчөмү бир миллиард сомдон ашыкты түзсө, кепилдик суммасынан бир пайыз;

2) эгерде кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенменин өлчөмү бир миллиард сомго чейин түзсө, кепилдик суммасынан эки пайыз.

Бул учурда бир жолку комиссиядан түшкөн кирешелер кепилдик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.

21. Өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана/же улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ, уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъектке кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн жарымынан ашпаган, бирок 36 айдан ашык эмес мөөнөткө бир жолку комиссияны төлөө бөлүгүндө мөөнөтү кийинкиге жылдырып берилиши мүмкүн.

22. Эгерде кредиттик каражаттар субъект тарабынан толук өздөштүрүлбөсө, анда кепилдик суммасы кредиттик келишимге/макулдашууга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө кошумча макулдашууга ылайык кепилдик келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен азайтылат, бул учурда төлөнгөн бир жолку комиссия кайтарылбайт (толугу менен же жарым-жартылай).

23. Субъект тарабынан кредиттик, лизингдик ресурстарды максатсыз пайдалангандыгы, туура эмес маалыматтарды жана документтерди бергендиги үчүн кепилдик берүүчү кепилдик келишиминин шарттарына ылайык кепилдик суммасынан беш пайыз өлчөмүндө үстөк айып өндүрүп алууга укуктуу.

Бул учурда үстөк айыптан түшкөн кирешелер кепилдик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.

24. Кепилдик келишимин тариздөө менен байланышкан бардык чыгымдар субъектке жүктөлөт.

25. Субъект тарабынан кредит берүүчүнүн алдында алган кандай болбосун милдеттенмелерди аткарууда кепилдик берүүчүнүн кепилдик түрүндө камсыздалган милдеттенмелери биринчи кезектеги тартипте бошотулат.

26. Келишим боюнча кепилдик менен камсыздалган милдеттенмелер субъект тарабынан аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда кепилдик берүүчүнүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жана кепилдик суммасынын өлчөмүндө аныкталат.

27. Кепилдик берүүчүнүн кепилдикти аткаруу боюнча милдеттенмелери кепилдикти берүүгө каралган уставдык капиталдын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мында милдеттенмелердин жалпы көлөмү кепилдик берүүгө каралган каражаттардын жалпы көлөмүнүн 80 пайызынан ашпоого тийиш.

28. Тараптардын макулдашуусу боюнча кепилдик берүүчү кредит берүүчүлөрдүн алдында алган милдеттенмелерди кепилдик берүүгө каралган каражаттардын эсебинен сатып алынган карыздык мамлекеттик баалуу кагаздарды (мамлекеттик казыналык облигациялар, мамлекеттик казыналык векселдер) аларды сатып алуу учуруна белгиленген тартипте жана шарттарда өткөрүп берүү жолу менен аткарууга укуктуу.

29. Кепилдик берүүчүнүн субъекттин милдеттенмелерин аткаруу боюнча милдети субъект тарабынан милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү бузулган учурда келип чыгат. Мында кредит берүүчү кепилдик берүүчүгө субъект тарабынан жол берилген келишимдин шарттары бузулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.

30. Эгерде каржылоону камсыздоо кармалган учурда, ошондой эле кредит берүүчүнүн келишимдин шарттарын, анын ичинде каражаттарды которуу мөөнөттөрүн бузуу менен көрүнгөн башка аракеттери же аракетсиздиги, милдеттенмелерди мыйзамдуу негиздерсиз аткаруудан баш тартуу же болбосо анын демилгеси боюнча жол берилген башка бузуулар долбоорду ишке ашыруу үчүн терс кесепеттерге алып келсе жана субъекттин финансылык абалын начарлатса, анын ичинде анын төлөөгө жөндөмсүздүгү келип чыкса,  субъект тарабынан бардык келишимдик милдеттенмелер талаптагыдай аткарылган шартта кредит берүүчү камсыз кылынган милдеттенмелерди аткаруу боюнча кепилдик берүүчүгө талап коюу укугунан ажырайт.

Кредит берүүчү өзүнүн жоопкерчилигин сотко чейинки тартипте таануудан баш тарткан учурда талаш-тартышты чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

31. Кепилдик берүүчүнүн ушул Тартиптин 30-пунктунда көрсөтүлгөн милдети субъекттин ссудалык эсеби боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмө берилгенден кийин жана кредит берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимдеринде каралган тартипте карызды өндүрүү боюнча бардык чараларды ишке ашыргандан кийин келип чыгат.

32. Кепилдикти аткарууга алып келген окуя болгон учурда кредит берүүчү кепилдик берүүчүнүн дарегине тиешелүү кабарлоону жөнөтөт, анда кабарлоо жиберилген датага карата негизги карыздын жана чегерилген пайыздардын суммасы көрсөтүлөт. Карызды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу жөнүндө кабарлоо берилген учурдан тартып кредит берүүчү үстөк айыпты чегерүүнү токтотуп турууга милдеттүү.

33. Кепилдик берүүчү субъекттин милдеттенмелерин аткарган жана субъект тарабынан кепилдик келишиминин шарттарын бузуу фактысы аныкталган учурда кепилдик берүүчү каражаттарды кайтаруунун төмөнкүдөй бир же бир нече механизмдерди колдонууга укуктуу:

1) акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу келишимине ылайык коммерциялык банктагы алыш-бериш эсебинде акча каражаттары болсо, кепилдик берүүчү карыздын суммасын акцептсиз эсептен чыгарууну демилгелөөгө укуктуу;

2) субъекттин активдерин карызды азайтуу жана/же төлөөнүн эсебине кабыл алуу;

3) финансылык контролдоочуну дайындоо – кепилдик берүүчү карызды андан ары төлөө максатында анын активдерине, финансылык агымдарына жана милдеттенмелердин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу менен субъектке карата финансылык контролдоочуну дайындоону демилгелөөгө укуктуу. Кредит берүүчү менен биргеликте кепилдик берүүчү долбоорду ишке ашыруунун жана карызды төлөөнүн алкагында каражаттарды сарамжалдуу, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу менен алардын сарпталышын контролдоого катышууга да укуктуу;

4) субъекттин карызын башка жакка которуу. Эгерде милдеттенмелерди аткаруунун ишенимдүүлүгү жогоруласа, кепилдик берүүчүнүн макулдугу менен жол берилет;

5) субъект милдеттенмелерди аткарбаган учурда кепилдик берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттук териштирүүнү демилгелөөгө укуктуу.

34. Кепилдик берүүчү субъекттин милдеттенмелерин (жарым-жартылай же толук көлөмдө) аткаргандан кийин кепилдик берүүчүгө аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө кредит берүүчүнүн бардык укуктары өтөт. Мында кредит берүүчү кепилдик берүүчү тарабынан милдеттенмелер аткарылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө карызкор-субъектке карата талап кылуу укугун күбөлөндүргөн бардык документтерди ага өткөрүп берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн документтер өз убагында берилбеген учурда кредит берүүчү кепилдик келишиминин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Кепилдик келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында кепилдик берүүчү тарабынан төлөнгөн каражаттарды кайтарып берүү субъект тарабынан кредиттик келишимдин шарттарына окшош шарттарда (мөөнөттөрү, пайыздык ставкасы, үстөк айыптары жана башкалар) жүзөгө ашырылат жана кепилдик берүүчүнүн алдындагы карыз толук жоюлганга чейин чегерилет.

Мында кепилдик берүүчү тарабынан кредиторго төлөнүп берилген каражаттардын эсебинен чегерилген пайыздардан, үстөк айыптардан түшкөн кирешелер кепилдик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.

35. Кепилдик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык берилет.

 

4-глава. Кепилдик берүүнү токтотуу

 

36. Кепилдик берүү ал тарабынан камсыздалган милдеттенмелер токтотулганда, ошондой эле кепилдик берүүчүнүн макулдугусуз анын жоопкерчилигин жогорулатууга же башка жагымсыз кесепеттерге алып келген өзгөртүү киргизилген учурда токтотулат.

37. Эгерде кепилдик берүүчү кредит берүүчүгө жаңы карызкор үчүн жооп берүүгө макулдук бербесе, кепилдик менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызды башка жакка которуу менен кепилдик токтотулат.

38. Эгерде ал тарабынан камсыздалган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келгенде кредит берүүчү субъект же кепилдик берүүчү тарабынан сунушталган талаптагыдай аткарууну кабыл алуудан баш тартса, кепилдик токтотулат.

39. Кепилдик кепилдик келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин токтотулат. Эгерде мындай мөөнөт белгиленбесе, кепилдик менен камсыздалган милдеттенмени аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып бир жылдын ичинде кредит берүүчү кепилдик берүүчүгө талап койбосо, ал токтотулат. Негизги милдеттенмени аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө жана аны аныктоого мүмкүн болбосо же талап кылуу учуру менен аныкталса, кредит берүүчү кепилдик келишими түзүлгөн күндөн тартып эки жылдын ичинде кепилдик берүүчүгө талап койбосо, кепилдик токтотулат.

40. Эгерде төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоодо жана кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда кредит берүүчү олуттуу фактыларды жашырса же билип туруп анык эмес маалыматтарды берсе, бул өз кезегинде зайымчынын төлөөгө жөндөмсүздүгүнө алып келсе, кепилдик токтотулат.

 

5-глава. Берилген кепилдиктин алкагында субъекттин ишине мониторинг жүргүзүү

 

41. Кепилдик берүүчү түзүлгөн кепилдик келишиминин алкагында субъекттин ишине, анын ичинде бир жолку комиссиянын каражаттарынын эсебинен тиешелүү тармакта кесиптик иш тажрыйбасы бар көз карандысыз эксперттерди жана адистерди тартуу менен мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.

42. Субъект кепилдик берүүчүнүн биринчи талабы боюнча анын ишин сапаттуу жана объективдүү талдоо үчүн зарыл болгон бардык суралган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

 

6-глава. Кепилдик берүү үчүн каражаттарды түзүү булактары

 

43. Кепилдик берүү үчүн каражаттарды түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын республикалык бюджетте тиешелүү жылга улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү механизмин ишке ашыруу үчүн жыйынды чыгымдардын (кепилдик берүү каражаттарын эсепке албаганда) көлөмүнүн 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө кепилдик берүүчүнүн кепилдик боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн каралган уставдык капиталын көбөйтүүгө которуу жолу менен караган каражаттар;

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган топтоо эсептеринде аккумуляцияланган, аларды тескөө донорлордун макулдугун талап кылбаган жана/же донорлордун макулдугу менен жүргүзүлгөн каражаттар;

3) кепилдик берүүчүнүн уставдык капиталынын кепилдик берүүгө арналган каражаттары;

4) аларды тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактары.

 

7-глава. Кепилдик берүү үчүн каражаттарды түзүү тартиби

 

44. Кепилдик берүүгө каралган уставдык капиталдын каражаттары, пайыздык кирешелер кепилдик берүүчүнүн уставдык ишине ылайык кепилдик берүүчүнүн коммерциялык банктарда ачылган депозиттик эсептерине жайгаштырылат.