Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-августу № 537
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында продукциялардын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо жүргүзүүнүн тартибинде:
- 4.2-пункттун "г" пунктчасындагы "же нотариалдык жактан" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 741 "Адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "адал" стандарттарына шайкештигин сертификаттоо, маркалоо системасын жүргүзүүнүн, ишке ашыруунун жана аны өлкөлөр арасында өз ара таануунун тартибинде:
- 12-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Өтүнмөнү Мамлекеттик порталга жиберүүдө төмөнкү документтердин өтүнмө ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет:".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |