Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-августу № 68
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир
депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,
депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди
чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин
депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Алай, Араван,
Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Сокулук, Жайыл жана Ат-Башы
аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
–.Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 9 Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка жана Тилектеш айылдык кеңештери боюнча;
–.Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 8 Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңеши боюнча;
–.Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 7 Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңеши боюнча;
–.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 13 Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык кеңеши боюнча;
–.Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 14 Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңеши боюнча;
–.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 9 Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңеши боюнча;
–.Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-августундагы № 17 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;
–.Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 7 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча.
2) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айылдык кеңешинин депутаты каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 9 чечими.
3).Жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жөнүндө чечимдери
–.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 13 Ош облусунун Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңеши боюнча;
–.Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 7 Нарын облусунун Ат-Башы районун Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча.
4).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
–.Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 9 Ош облусунун Алай районунун Курманжан Датка, Жаңы-Алай жана Тилектеш айылдык кеңештери боюнча;
–.Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 8 Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңештери боюнча;
–.Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 7 Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңеши боюнча;
–.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-августундагы № 13 Ош облусунун Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык кеңеши боюнча;
–.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 9 Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңеши боюнча;
–.Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-августундагы № 18 Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңеши боюнча;
–.Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 21-августундагы № 7 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңеши боюнча.
5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11- бөлүгүнүн негизинде, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңеши боюнча бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 19-августундагы № 15 чечими.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет”.
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
–.Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Сокулук, Жайыл жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
–.Ноокат жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык;
–. Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Сокулук, Жайыл жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2..Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3..Алай, Араван, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Сокулук, Жайыл жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4..Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5..Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 67 (3723) саны менен жарыяланды
Төрага | Т. Шайназаров |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 68 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн
мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын
чечимдери
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Ош облусу | |||
Алай району | |||
1. | Алай АШК, № 9, 19.08.2025-ж. (Каза болгондугу тууралуу № KGZ07 0313778 күбөлүгү Кара-Суу райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 25.06.2025-жылында берилген) | Жаңы-Алай айылдык (№ 1 Жаңы-Алай шайлоо округу) | Эркебаев Кубанычбек |
2. | Алай АШК, № 9, 19.08.2025-ж. (14.08.2025-ж., өз арызы) | Тилектеш айылдык (№ 4 Жаңы-Турмуш шайлоо округу) | Зикиров Жакшылык Мамаевич |
3. | Алай АШК, № 9, 19.08.2025-ж. (15.08.2025-ж., өз арызы) | Курманжан Датка айылдык (№2 Арпа Тектир шайлоо округу) | Орозбаев Нурлан Аматович |
Араван району | |||
4. | Араван АШК, № 8, 21.08.2025-ж. (19.08.2025-ж., өз арызы) | Дөбө-Коргон айылдык (№ 5 Тепе-Коргон шайлоо округу) | Ахмедов Бекматжан Халматович |
Кара-Суу району | |||
5. | Кара-Суу АШК, № 7, 22.08.2025-ж. (14.08.2025-ж., өз арызы) | Жоош айылдык (№7 Питомник шайлоо округу) | Рахманов Рыскул Ибрагимович |
Ноокат району | |||
6. | Ноокат АШК, № 13, 22.08.2025-ж. (21.08.2025-ж., өз арызы) | Мирмахмудов айылдык (№ 5 Уч-Кемпир шайлоо округу) | Тораев Абдурахим Зулпиевич |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
7. | Кадамжай АШК, № 14, 19.08.2025-ж. (15.08.2025-ж., өз арызы) | Кадамжай шаардык | Мурзамамытова Гулсанам Азамжановна (3) “Эмгек” депутаттык фракциясы |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
8. | Сокулук АШК, № 9, 21.08.2025-ж. (05.08.2025-ж., өз арызы) | Гавриловка айылдык (№ 4 шайлоо округу) | Омуркулов Мирзат Койчугулович |
Жайыл району | |||
9. | Жайыл АШК, № 17, 25.08.2025-ж. (19.08.2025-ж., өз арызы) | Талды-Булак айылдык (№ 2 Сосновка шайлоо округу) | Доскулов Тынчтык Дуйшенбекович |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
10. | Ат-Башы АШК, № 7, 21.08.2025-ж. (30.07.2025-ж., өз арызы) | Ат-Башы айылдык (№ 6 Ак-Жар шайлоо округу) | Курманалиев Талант Искендерович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
М. Кожокеева |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
К. Берикбаева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
У. Темирбеков |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 68 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган
талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечими
№ | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин №, датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин
Ф. А. А. |
Ош облусу | |||
Ноокат району | |||
1. | Ноокат АШК, № 13, 22.08.2025-ж. (20.08.2025-ж., өз арызы) | Зулпуев айылдык (№ 2 Ата-Мерек шайлоо округу) | Сабыр кызы Салкын |
Нарын облусу | |||
Ат-Башы району | |||
2. | Ат-Башы АШК, № 7, 21.08.2025-ж. (13.08.2025-ж., өз арызы) | Ат-Башы айылдык (№ 6 Ак-Жар шайлоо округу) | Исмаилов Базарбай Абдыбекович |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
М. Кожокеева |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
К. Берикбаева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
У. Темирбеков |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 68 токтомуна 3-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы
жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф. А. А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | |
Ош облусу | |||||
Алай району | |||||
1. | Алай АШК, № 9, 19.08.2025-ж. (16.08.2025-ж., өз арызы) | Жаңы-Алай айылдык (№ 1 Жаңы-Алай шайлоо округу) | Кожогелдиев Шайлообек Сайитович | Ош облустук филармониясында артист | |
2 | Алай АШК, № 9, 19.08.2025-ж. (16.08.2025-ж., өз арызы) | Тилектеш айылдык (№ 4 Жаңы-Турмуш шайлоо округу) | Абдырахманов Туратбек | Автошколодо мугалим | |
3. | Алай АШК, № 9, 19.08.2025-ж. (16.08.2025-ж., өз арызы) | Курманжан Датка айылдык (№ 2 Арпа Тектир шайлоо округу) | Арзикулов Муратбек Турсунович | Убактылуу иштебейт | |
Араван району | |||||
4. | Араван АШК, № 8, 21.08.2025-ж. (19.08.2025-ж., өз арызы) | Дөбө-Коргон айылдык (№ 5 Тепе-Коргон шайлоо округу) | Тажибаев Ойбек Хакимжанович | Араван райондук электр тармагында Электромонтер | |
Кара-Суу району | |||||
5. | Кара-Суу АШК, № 7, 22.08.2025-ж. (14.08.2025-ж., өз арызы) | Жоош айылдык (№ 7 Питомник шайлоо округу) | Токоев Мейлибай Арзимбекович | Убактылуу иштебейт | |
Ноокат району | |||||
6. | Ноокат АШК, № 13, 22.08.2025-ж. (22.08.2025-ж., өз арызы) | Мирмахмудов айылдык (№ 5 Уч-Кемпир шайлоо округу) | Осмонова Насибахон Усуповна | “Жандуу Гүлдөр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси | |
Баткен облусу | |||||
Кадамжай району | |||||
7. | Кадамжай АШК, № 15, 19.08.2025-ж. (18.08.2025-ж., өз арызы) | Кадамжай шаардык | Зайляпова Сагипахан Сраждиновна (6) “Эмгек”саясий партиясы | Убактылуу иштебейт | |
Чүй облусу | |||||
Сокулук району | |||||
8. | Сокулук АШК, № 9, 21.08.2025-ж. (21.08.2025-ж., өз арызы) | Гавриловка айылдык (№ 4 шайлоо округу) | Абдылдабеков Шайырбек Бейшенбекович | Жеке ишкер | |
Жайыл району | |||||
9. | Жайыл АШК, № 18, 25.08.2025-ж. (22.08.2025-ж., өз арызы) | Талды-Булак айылдык (№ 2 Сосновка шайлоо округу) | Жаныбек уулу Алтынбек | Убактылуу иштебейт | |
Нарын облусу | |||||
Ат-Башы району | |||||
10. | Ат-Башы АШК, № 7, 21.08.2025-ж. (20.08.2025-ж., өз арызы) | Ат-Башы айылдык (№ 6 Ак-Жар шайлоо округу) | Алыкеева Гүлнара Турганбаевна | Пенсионер | |
|
|
|
|
|
|
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
М. Кожокеева |
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
К. Берикбаева |
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
У. Темирбеков |