Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТАЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 23-сентябры № 01-01/306
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 12-майындагы № 01-7/239 "Өнөр жай коопсуздугу жаатында уюмдардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча ишти уюштуруу жөнүндө Жобону" жана "Өнөр жай коопсуздугу жаатында уюмдардын кызматкерлерин окутууну жана алардын билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндө Жобону" бекитүү тууралуу буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 Жарлыгы менен бекитилген 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо боюнча Концепцияны ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жана 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдик-укуктук жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу аткаруу органдарына берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 12-майындагы № 01-7/239 буйругу менен бекитилген "Өнөр жай коопсуздугу жаатында уюмдардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча ишти уюштуруу жөнүндө Жобого" жана "Өнөр жай коопсуздугу жаатында уюмдардын кызматкерлерин окутууну жана алардын билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндө Жобого" төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Өнөр жай коопсуздугу жаатында уюмдардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча ишти уюштуруу жөнүндө Жобого" төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: “Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган түзгөн аттестациялык комиссияларда билимин текшерүү электрондук тестирлөө форматында жүргүзүлөт.”;
- 19-пункттагы “жазуу түрүндө, же билеттер боюнча оозэки түрдө” деген сөздөр “электрондук форматта” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 20-29-пункттар менен толукталсын:
“20. Аттестацияны өткөрүү үчүн тесттик суроолор ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан иштелип чыгат.
21. Тесттик суроолордун базасын өзгөртүү, толуктоо жана жаңылоо ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. Электрондук тестирлөө ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан атайын жабдылган жайда жүргүзүлөт. Тестирлөө компьютерлерди колдонуу менен жүргүзүлөт.
23. Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тестирлөөгө түшкөн арыздардын негизинде тесттин өткөрүү күнүн аныктайт, аттестациялануучу катышуучуларды каттайт, жыйынтыктарды иштеп чыгып, тиешелүү протоколдор менен тариздөөнү камсыздайт.
24. Аттестациялануучу катышуучуларды каттоо "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алынган маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт. Эгерде мындай маалыматтар жок болсо, катышуучу паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документин көрсөтөт.
25. Катышуучу тестирлөө эрежелерин бузган учурда (залдан чыгуу, башка катышуучулар менен сүйлөшүү, фотоаппарат колдонуу, экранды сүрөткө тартуу, жумуш ордунда бөтөн нерселердин болушу, күйгүзүлгөн уюлдук телефондор ж.б.) тестирлөөгө катышуудан четтетилет жана бул тууралуу тиешелүү протокол түзүлөт.
26. Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган билимине коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген же жалган маалымат берген адамдарды тестирлөөгө киргизбөөгө, ошондой эле эрежелер бузулган учурда тестирлөөнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууга укуктуу.
27. Жүйөлүү себептер менен, бирок 15 мүнөттөн ашпаган мөөнөттө тестирлөөгө кечиккен катышуучулар ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссиясынын чечими менен тесттик тапшырмаларды аткарууга киргизилиши мүмкүн.
28. Компьютердик тестирлөөнүн ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыздоо максатында ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын атайын жабдылган имаратында видеобайкоо жүргүзүлөт.
29. Электрондук тестирлөөдө өтүү баллы туура жооптордун 60 пайызынан кем эмес деңгээлде белгиленет.”.
2. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөн соң күчүнө кирет.
3. Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча зарыл чаралар көрүлсүн;
2) ушул буйруктун көчүрмөсү расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3) ушул буйруктун көчүрмөсү ал күчүнө кирген күндөн тартып үч иш күнүнүн ичинде маалымкат иретинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
Министрдин м.а. |
| Б. Дж. Джусупбеков |