КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2023-жылдын 8-февралындагы № 3
Кара-Дарыя айыл аймагында долбоорлорду колдоо жөнүндө
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Арал айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратына Райондук өнүктүрүү фонду тарабына сунушталган долбоор курулуш, ремонт иштерине 20% өздүк салым катары төлөп берүү үчүн Кара-Дарыя айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Арал айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн имаратына Райондук өнүктүрүү фондуна айыл өкмөтү тарабынан -1 629,438(бир миллион алты жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз отуз сегиз) сомдук долбоор даярдалып, анын 20% башкача айтканда, 300,0 (үч жүз миң) сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетинин I кварталына каралып, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Караевке жана ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж.М.Борбугуловго милдеттендирилсин.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы: | У. Абдыгапаров |