Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-августу № 513
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ден соолугу оор, калыбына келтирилгис бузулган адамдарды социалдык коргоону күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жободо:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ден соолугунун бузулуу мүнөзүнө жана даражасына жараша I топтогу майыптык 7 жылдык мөөнөткө, II топтогу майыптык 4 жылдык, III топтогу - 2 жылдык мөөнөткө белгиленет.
Ошол эле учурда жаран (анын мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлү) анын пикири боюнча аны майыптыгы бар адам деп таануу үчүн негиздердин жоголушуна алып келген ден соолугунун абалы жакшырган учурда майыптык статусун мөөнөтүнөн мурда алып салуу үчүн МСЭКке арыз менен кайрылууга укуктуу.
"Майыптыгы бар бала" категориясы жаран 18 жашка толгонго чейин 1 жылдык, 2 жылдык, 5 жылдык мөөнөткө белгиленет.";
- 62-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) майыптыгы белгиленген жарандын (анын мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) арызы боюнча.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |