Загрузка документа…
КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 8-февралындагы № 4
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кара-Дарыя айыл аймагындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2022-жылдын ПЖ №305 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Сузак райондук мамлекеттик админстрациясынын 05.10.2022-жылдын 001-26/17 50 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык Күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыкты ишке ашыруу негизинде Кара-Дарыя айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Дарыя айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык Күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткаруу боюнча “Жобо” бекитилсин.
2. Айыл аймагында Тазалык ишканасы уюштурулсун. Айыл өкмөттүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.
2.1 Таштандыларды, калдыктарды таштоо үчүн жер бөлүп, уюштуруу жагы Жер адис Т. Исмаиловго жүктөлсүн.
2.2 Айыл аймагыбызда таштанды челектер орнотулсун. Таштандыларды уруксатсыз таштап, өрттөөгө күнөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылсын.
2.3 Санитардык тейлөөгө кышында-карды, музду тазалоону, жолдун бөлүгүн жана тратуарларды кум менен себүүнү камтысын.
2.4 Көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын тейлөө жагы айыл өкмөтүнө, электр тармагы ишканасына милдеттендирилсин.
3. Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу, бак-дарактарды отургузуу, гүлдөрдү эгүү, өстүрүү менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн жобонун пунктарын бузган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаза чаралары көрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылыш жагын Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Караевке милдеттендирилсин.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы: | У. Абдыгапаров |
| Кара-Дарыя айылдык Кенишинин 2023-жылдын 08-февралындагы № 17 сессиянын VIII чакырылышынын №4 токтому менен бекитилген |
Кара-Дарыя айыл аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери
1. Жалпы жоболор
1. Айыл аймагында кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексине, “Ɵндүрүш жана керектѳѳ калдыктары жѳнүндѳ”, "‘Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарыпа, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-араксттер планы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы кѳрктѳндүрүү жана айлана-чѳйрѳнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Эрежелер тышкы кѳрктѳндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнѳ карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн аймактык башкармалыгынын, аймактык башкаруу мекемелеринин аймагын тазалоонун жана тейлѳѳнүн тартибин аныктайт.
3. Кара-Дарыя айыл өкмөтү ушул Эрежелерде белгиленген кѳрктѳндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болот.
4. Ɵз ыйгарым укуктарынын чегинде кѳрктѳндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү аныктайт.
2. Санитардык тейлѳѳ жана аймакты тазалоону уюштуруу
42. Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлѳѳ таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоону, кышында - карды, музду тазалоону, жолдун бѳлүгүн жана тротуарларды кум менен себүүнү, жайында - жолдун беттерин, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды жууп, сугаруу, газондорду чабуу, жашыл аянтчаларды кароону камтыйт.
43. Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери ѳз каражаттарынын эсебинен бѳлүнгѳн, бекитилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону ѳз алдынча жүргүзүүгѳ, же болбосо жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын кѳрсѳтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүгѳ милдеттүү.
44. Таштандыларды сактоо кызмат кѳрсѳтүүчү менен түзүлгѳн келишимге ылайык жүргүзүлѳт.
45. Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын кѳчѳлѳрүн, аянттарын, сейил бактарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү үчүн кызмат кѳрсѳтүүчү жоопкерчилик тартат.
46. Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү, анын ичинде:
- узундугу боюнча - имараттарга, үй чарбаларына же участокторго жанаша турган бүткүл аймак боюнча;
- туурасы боюнча - жолдун же сквердин жүрүүчү бѳлүгүн бойлото, ал эми бир жактуу имаратта - жүрүүчү, анын ичинде карама-каршы тротуарды кошуп, бѳлүктүн туурасын бойлой;
47. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар (ижарачылар) жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлѳѳ үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктѳлѳт. Бул учурда жоопкерчилик чѳйрѳлѳрүнүн чектерин аныктоо ижара келишими же имаратты бардык пайдалануучулар кол койгон келишим менен да аныкталышы мүмкүн.
48. Кызмат кѳрсѳтүүчү жолдордун бѳлүктѳрүн, кѳчѳлѳрдү жана аянттарды, тротуарларды, коомдук транспорттун аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды, анын ичинде газондордун жана ирригациялык тармактарды тазалоо менен кошо, ошол жерлерде туш келди чачылып калган таштандыларын тазалайт.
49. Кызмат кѳрсѳтүүчү коомдук дааратканаларды күтүүнү жана тейлѳѳнү камсыз кылат.
50. Керек-жарак рыног жана кызмат кѳрсѳтүү департаменти убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды (соода павильондору, курама соода борборлору, чатырлар, күркѳлѳр ж.б.) тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктѳйт.
51. Узак мѳѳнѳткѳ пайдаланылбай жаткан жана ѳздѳштүрүлбѳгѳн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалоо үчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктѳлѳт.
52. Айыл аймактарынын тазалыгы үчүн турак жай ээлеринин кызыкчылыктарын коргогон уюмдар жооп берет.
53. Суу канализациясын (дренаждык тармакты) бүтѳп коюуга, ошондой эле калдыктарды жана тиричилик таштандыларын суу кудуктарына тѳгүүгѳ тыюу салынат.
3. Тартипти, тазалыкты жана кѳрктѳндүрүүнү камсыз кылуу
54. Юридикалык жана жеке жактар шаардын бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, кѳрктѳндүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербѳѳгѳ, ар кандай мүлк объектилерине кам кѳрүүгѳ милдеттүү.
55. Айыл аймактарында тиричилик жана курулуш таштандыларын, ѳндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланылып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.
56. Таштанды челектерин, кѳчѳ чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгѳ тыюу салынат.
57. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дѳңгѳлѳктѳрүн, ѳндүрүш калдыктарын ѳрттѳѳгѳ, от жагууга, таштандыларды кѳмүүгѳ тыюу салынат.
58. Газондорго, гүлзарларга, клумбаларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объекттерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бѳлүгүн тарытуучу түтүктѳрдү тѳшѳѳгѳ тыюу салынат.
4. Жашылдандыруу
59. Объектилерди жашылдандырууга тѳмѳнкү иштер кирет:
- бак-дарактарды отургузуу,
- бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер
- жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чѳптѳрдү тазалоо, ѳсүмдүктѳрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чѳптѳрдѳн коргоо, жылуулукту сүйүүчү ѳсүмдүктѳрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктѳѳ жана түшүрүү;
-куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
- газонду багуу боюнча жумуштар - тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу, отоо чѳптѳрдү тазалоо, таштандыларды жана түшкѳн жалбырактарды жыйноо, топуракка отургузуу, газондун капталындагы ѳсүмдүктѳрдү кыюу, чѳптѳрдү чабуу, пестициддер жана гербициддер менен дарылоо;
- скверлерди жана бакчаларды тосуу;
- жерлерди жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу. 60. Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик тѳмѳнкүлѳргѳ жүктѳлѳт:
- Жаңы пайдалануудагы аймактарда - парктарда, скверлерде, сейил бактарда, кѳчѳлѳрдѳ - жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органы аныктаган тиешелүү кызматтарды иштерди аткаруучуга;
- турак жайлар жайгашкан кичи райондордогу жана квартал ичиндеги участоктордо - үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
- уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;
61. Жашыл аянттардын бардык түрлѳрү үчүн сугаруунун жыштыгы май айынан октябрды кошо алганда 7-10 күндѳ бир жолудан кем эмес болушу керек.
62. Жашылдандыруу объектилериндеги жашыл аянттарды сугаруу эртен менен саат 8.00-9.00ден кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00дѳн кийин жүргүзүлѳт.
63. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын ѳз убагында кыркууну камсыз кылат.
64. Таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай ѳскѳн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын бүткүл вегетация мезгилинде жүргүзүлѳт.
65. Түзүлүшүн келтирүү үчүн кыркуу - таажыга ылайыктуу түзүлүштү камсыздоо, ѳсүмдүктѳрдүн бийиктигин тегиздѳѳ, жол белгилеринин, светофорлордун ж. б. кѳрүнүүсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлѳт. Бак-дарактарды жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чаңдашып (ширелерин бѳлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жүргүзүлбѳйт.
66. Аймактарды жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды тѳшѳѳдѳн, жолдорду, ѳтмѳлѳрдү, тротуарларды тѳшѳѳдѳн, аянтчаларды жана тосмолорду иретке келтиргенден кийин жүргүзүлѳт.
67. Ɵсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.), жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат.
68. аймактарынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнѳ карабастан бирдиктүү жашыл фондду түзѳт жана коргоого алынат.
69. Менчигинин түрүнѳ карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет;
-жашыл аянтчаларды талаптагыдай кутуу жана сактоо жоопкерчилигин алгандар тѳмѳнкүлѳрдү камсыздашат:
- иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле ѳсүмдүктѳрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чѳптѳрдѳн коргоону камсыз кылууга;
- жашыл зоналарды ѳз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоону (капиталдык оңдоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;
- жашыл зоналар ѳскѳн аймактардын тиричилик жана ѳндүрүш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу ѳсүмдүктѳргѳ зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербѳѳ;
- жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын ѳзгѳртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жүргүзүлүүгѳ тийиш;
- багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгѳн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүзѳгѳ ашырылат;
70. Жашылдандырылган аймактарда тѳмѳнкүлѳр тыюу салынат:
- жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
- тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды ѳз алдынча кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана газондорду иретке келтирүүгѳ;
- бакчанын жана парктын жолдорун тазалоодон алынган таза кардан тышкары, таштандыларды, карларды жана муздарды тѳгүүчү жайларды уюштурууга;
- калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго тѳгүүгѳ;
- жалбырактарды күйгүзүүгѳ, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды кѳмүп салууга (аларды кѳчѳ бойлой жайылып кетпеши үчүн үймѳктѳргѳ чогултуу, компост салуу үчүн атайын бѳлүнгѳн жерлерге алып салуу же таштанды жайларына алып баруу максатка ылайыктуу);
- от жагууга жана ѳрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
- бак-дарактарга мыктарды кагууга, бак-дарактарга зыян келтирүүчү илгичтерди, кѳрнѳк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, белгилерди, электр зымдарын, лампалардын электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
- дарактардан шире, чайыр алууга, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалык зыян келтирүүгѳ;
- белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды тѳшѳѳ үчүн казуу иштерин жүргүзүүгѳ;
- газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын ѳткѳрүү жана токтотууга;
- гүлдѳрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;
71. Жашыл аймактарды жаныдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү боюнча бардык иштер жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органы же ал ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып, иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлүүгѳ тийиш.
5. Тышкы жарыктандыруу
72. Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлѳѳ жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан дайындалган кызмат кѳрсѳтүүчү/подрядчы тарабынан жүргүзүлѳт.
73. Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы №155 токтомун менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жѳнгѳ салынат.
74. Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана ѳчүрүү жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлѳт.
75. Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей турган кѳчѳ чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
76. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалышы керек, бирок үч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
77. Жеке жана юридикалык жактар ѳздѳрүнѳ берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.
78. Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашылат.
6. Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
79. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
80. Бул Кѳрктѳндүрүү эрежелерин бузууга күнѳѳлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 114-беренесинин 1-пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
81. Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, ѳрттѳгѳн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
82. Юридикалык жана жеке жактар кѳп батирлүү турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлѳѳ эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
83. Укук бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын атайын комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодесине ылайык жаза чараларын кѳрѳт.
84. Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши жобо менен жѳнгѳ салынат.