КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2023-жылдын 30-мартындагы № 7
Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар” МТЗ-82.1 трактору жөнүндө
Техниканы дайыма оң абалда кармоо жана Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын көйгөйүн чечүү үчүн ишенимдүү ижарачы менен келишимдин негизинде карап чыгып, талкуулап, Кара-Дарыя айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Дарыя “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын МТЗ-82.1 тракторун “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын төрагасы М. Сайдакбаров менен ижарачы эки тарап менен түзгөн келишимдин негизинде, 1 жылына 120( жүз жыйырма) миң сомдон, ай сайын 10 (он) миң сомдон аренда акысы төлөнсүн. Ижарачы дайыма техниканы он абалда кармап, айыл өкмөттүн керектөөсүнө иштетүү үчүн даяр абалда турсун.
2. Ижарачы аткарган иши боюнча, 6 айда бир жолу айылдык кеңештин сессиясында маалымат берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы У. Абдыгапаровго жана “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын төрагасы М. Сайдакбаровго милдеттендирилсин.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы: | У. Абдыгапаров |