Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 6

 

Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар ассоцациясынын Фронталдык жүктөгүч 0,5 куб. техникасы жөнүндө

Техниканы дайыма оң абалда кармоо жана Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын көйгоюн чечүү үчүн ишенимдуу ижарачы менен келишимдин негизинде карап чыгып, талкуулап Кара-Дарыя айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Дарыя “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын фронталдык жүктөгүч 0,5 куб. техникасын “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын М Сайдакбаров менен ижарачы эки тарап менен түзүлгөн келишимдин негизинде, 1жылына 150(жүз элүү) миң сомдон ай сайын 12500 (он эки миң беш жүз) сом аренда акысы төлөнсүн. Ижарачы дайыма техниканы он абалда кармап, айыл өкмөттүн керектөөсүнө иштетүү үчүн даяр абалда турсун.

 

2. Ижарачы аткарган иши боюнча, 6 айда бир жолу айылдык кеңештин сессиясында маалымат берсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы У. Абдыгапаровко жана “Жайыт пайдалануучулар” ассоцациясынын төрагасы М. Сайдакбаровга милдеттендирилсин.

 

 

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:

У. Абдыгапаров