Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 10

 

Кара-Дарыя айыл аймагындагы Сай учаскасынан шагыл, таш ташуу жөнүндө

Кара-Дарыя айыл аймагындагы айыл тургундарынын, Төш айылынын айыл башчысы А.Жунусалиевдин кайрылуусун карап чыгып, Кара-Дарыя айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. Айыл аймагындагы Арал айылы, Сай учаскасында Кара-Дарыя дарыясынын оң жээгинде суудан коргоочу дамба жок болгондуктан, суу ташкынынан сактоо үчүн убактылуу тосмолор ӨКМ жана айыл өкмөтү тарабынан кооптуу жерлерге курулгандыктан Бостон, Питомник, Аэропорт, Кундузчу учаскаларындагы суу тосмолордун арт жагынан шагыл, таш алууга тыюу салынсын.

 

2. Чарбалык иштерге, курулушка иштетүү үчүн суу тосмолордун түштүк тарабынан шагыл, таш ташууга уруксат берилсин.

 

3. Токтомду аткарбаган айыл тургундарына “Бузуулар кодексинин” тиешелүү беренелерине ылайык чара көрүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жер адиси Т.Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

 

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:

У. Абдыгапаров