Редакцияот 30.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы

 

2023-жылдын 30-мартындагы № 9

 

Кара-Дарыя айыл аймагындагы суу жууп кеткен жер аянттарын өздөштүрүү жөнүндө

Кара-Дарыя айыл аймагындагы Арал айылынын тургундарынын кайрылуусун, айылдык кенештин депутаты М. Ажиматовдун сунушун угуп, талкуулап Кара-Дарыя айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Айыл аймактагы суу жууп кеткен жерлерди айыл өкмөттүн Жер комиссиясынын сунушу менен аянттарын өздөштүрүү, бир кожолукка 1(бир) га жерге гана шалы эккенге уруксат берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жер адиси Т.Исмаиловго милдеттендирилсин.

 

 

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:

У. Абдыгапаров