Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 5-сессиясы
2022-жылдын 15-июлу №24
Александровка айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышы кабыл
алган 2019-жылдын 1-ноябрындагы “Сынактык негизде жер берүү
жөнүндө” №72-1 Токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Александровка айылдык кеңешинин депутаты И.Ш.Шариповдун “Александровка айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышы кабыл алган “Сынактык негизде жер берүү жөнүндө” 2019-жылдын 1-ноябрындагы №72-1 Токтомун жокко чыгаруу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Александровка айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышы менен кабыл алынган 2019-жылдын 1-ноябрындагы “Сынактык негизде жер берүү жөнүндө” №72-1 Токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.С.Ясыровко жүктөлсүн.
Төрайым | М.Давузова |