Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-июнундагы № I
"Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу Айылынын Сары-Талаа участкасына ЖЧК "Ат Юг Энерджи коомуна кубаттуулугу 4МВт кичи ГЭСти курууга уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын ПЖ № 3 Жарлыгына ылайык жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү инвестициялык климатты жана ийгиликтүү чөйрөнү түзүү саясатын колдоп "Ат Юг Энерджи",ЖЧК нын 2022-жылдын 3-июнундагы арызын карап чыгып "Жер кодексинин 92-беренесине таянып Папан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылында Ак-Буура дарыясына Сары-Талаа участкасындагы1 №244 контур тартуу жайыт жалпы аянты 19,30га анын ичинен суралганы 0,56га .2 №292 контурдан суралган жер 2,63га .3 №271контур ыңгайсыз жер жалпы аянты 30,20га суралган жер 3га .4 №274 контур Аска жалпы аянты 128,72га суралганы 0,48га.5.Жол жалпы аянты 3,75га суралганы 0,30га жалпы аянты 6,97га жерге "Ат Юг Энерджи"ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 4МВт ГЭСти курууга уруксат берилсин.
2. "Ат Юг Энерджи"ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 4МВт ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине кайрылуу жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айылдык кеңешинин каржы инвестиция, курулуш архитектура боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |