Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 5-сессиясы
2022-жылдын 15-июлу №23
Александровка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин
киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы М.О.Маметованын “Александровка айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көбөйтүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып
Александровка айылдык кенеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетине 763,3 (жети жүз алтымыш үч миң үч жүз) сом максаттык трансферт түшкөндүгүнө байланыштуу:
1) 2022-жылга чыгаша бөлүк көбөйтүлсүн:
· 70629 (турак жай жана коммуналдык тейлөөлөр) бөлүгү 248 499 (эки жүз кырк сегиз миң төрт жүз токсон тогуз) сом:
- 22221200 (чарба максаттары үчүн материалдарды алуу) статьясына - 100 000 (жүз миң) сом (тротуар бою таштандыларды салууга челектерди сатып алууга);
- 22154900 (башка тейлөөлөргө төлөнө турган башка чыгымдар) статьясына – 58 499 (элү сегиз миң төрт жүз токсон тогуз) сом (суу мунарасынын аймагын жарыктандырууга);
- 31123230 (компьютер жабдууларын сатып алуу) статьясына - 90 000 (токсон миң) сом (суу мунарасына видеокамера сатып алууга);
· 70911 (мектепке чейинки билим берүү) бөлүгүнүн 22211100 (имараттарды жана жайларды оңдоо) статьясына – 364 801 (ЖЧК РЭБ Сервис алдында кредиттик карызка);
· 70825 (башка тейлөөлөр) бөлүгүнүн 22154900 - 150 000 сом (Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүк өткөрүүгө);
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровко жүктөлсүн.
Төрайым | М.Давузова |