Редакцияот 23.06.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

 

2022-жылдын 23-июнундагы № III

Бөрү айылындагы Жылыңач участкасындагы трансформация болгон жерден айыл өкмөттөгү майыптуулугу бар жарандарга жер берүү жөнүндө

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү 2017-жылдын 8-июндагы №100 мыйзамынын 1-2-беренесине ылайык токтом кылат:

 

1. Айыл өкмөттүн Бөрү айылыдагы Жылаңач участкасындагы трансформация болгон жерден төмөндөгү майыптуулугу бар жарандарга, турак жай салуу үчүн айыл өкмөт тарабынан

1. Абжапар уулу Нурпайызга 1991-жылкы  2-топтогу майып.

2. Орунбаева Топчугүлгө 1982-жылкы 1-топтогу майып.

3. Жээналиева Келсинайга 1987-жылкы эпилепсия.

4. Жаныбек уулу Бекзатка 2000-жылкы 1-топтогу майып.

5. Сатарбай кызы Айпериге 1992-жылкы 2-топтогу майып

6. Мойдунов Кутманбекке 1985-жылкы 2-топтогу майып, жогорудагы майыптарга турак жай салуу үчүн жер бөлүнүп берилсин.

2. Айылдык кеңештин бул токтомун ишке ашырууну айыл өкмөт башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Папан айылдык кеңешинин төрагасы:

Т.Тагаев