Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-июнундагы № IV
Папан айыл өкмөтүнүн фондундагы жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы күн тартибинде айыл өкмөт башчысы Н.Алимбековдун жана жер адиси Бадиров Алибайдын сураныч катынын негизинде айыл өкмөттүн фондундагы жерлерди ижарага берүү акысын карап, талкуулап чыгып. КР жер участогунун ижара акысын жергиликтүү кеңештер аныктаган тартипке таянып токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнүн фондундагы жерлерге төмөндөгүдөй шарттарына жараша ижара акысы бекитилсин.
Кайрак айдоо 900 сом.
Суулу жер айдоо 3000 сом.
Жогорку чыңалуудагы токтун асты 10000 сом.
Калктуу конуштун ичиндеги жарактуу жерлер 1000 сом.
Айыл чарбага жараксыз жерлер 800 сом.
Бак тигилген жерлер 12000 сом.
Чөп чабынды жерлер 300 сом.
Эски объектин ордуна соода кылууга жана ишкана ачууга 50 сомдон 200 сомго чейин кв метрине берилсин.
2. Айылдык кеңештин бул токтомун ишке ашырууну айыл өкмөт башчысы Н.Алимбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |