Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-июлундагы № I
"Папан айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө"
Папан айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы Папан айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап чыгып,талкуулап Папан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 70111-Аппарат 2215-ар түрдүү чыгымдар статьясынын 12,0 миң сом
70421-айыл чарба бөлүмүнүн 2215-ар түрдүү чыгымдар статьясынан
100,0 миң сом 70629-турак жай бөлүмүнүн 2215-ар түрдүү чыгымдар
статьясынан 200,0 миң сом, 3111-курулмалар статьясынан 300,0 миң
сом, 70825- башка маданий иш чаралар бөлүмүнүн 2215-ар түрдүү
чыгымдар статьясынан 400,0 миң сом, 70911-бала бакча бөлүмүнүн
3112-Машиналар жана жабдуулар статьясынан 250,0 миң сом,
баардыгы 1262,0 миң сом акча каражаты кыскартылып,
70821-библиотека бөлүмүнүн 2121-Соцфонд 17,25% статьясына 2,0
миң сом, 2215-ар түрдүү чыгымдар статьясынан 10,0 миң сом, 70911-
Бала бакча бөлүмүнүн 3111-курулмалар статьясынан 250,0 миң сом,
70921-Билим берүү бөлүмүнүн 3111-Курулмалар статьясынан 1000,0
миң сом, баардыгы 1262,0 миң сом акча каражаты которулсун.
2. Жер салыгынан жоготууларды жабуу үчүн республикалык бюджеттен
түшкөн 79,5 миң сом кошумча акча каражаты, 70921-Билим берүү
бөлүмүнүн 3111-Курулмалар статьясына 79,5 миң сом акча каражаты
которулсун.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековго
жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана
бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |