Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылыштагы 5-сессиясы
2022-жылдын 15-июлу №22
Александровка айылдык кеңешинин 2022-жылдын
24-майындагы №16 “Эки тамчы суу” ичүүчү сууну
керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин ичүүчү сууга
тарифти бекитүү жөнүндө” Токтомуна өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына, Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылыштагы 2022-жылдын 24-майындагы №3 протоколуна ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Александровка айылдык аймагынын 2022-жылдын 24-майындагы №16 “Эки тамчы суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин ичүүчү сууга тарифти бекитүү жөнүндө” Токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Пункт 1 “үч айлык мөөнөткө” деген сөздөр менен толукталсын;
2. Экинчи пункт болуп киргизилсин: “Үч айдан кийин ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин төрагасы Р.Шамуза айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясынын кароосуна анализ маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин төрайымынын орун басары Т.Т.Асановко жүктөлсүн.
Төрайым | М.Давузова |