Редакцияот 30.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

 

XXXI чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын сентябрь айынын  17 №31/19-2

 

Чолпон-Ата шаарындагы 3-кичи районунун А.Осмонов көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

          Чолпон-Ата шаардык мэриясынын  2025-жылдын 8-сентябрындагы №01-8/2251 катынын, «SOS-Детские деревни Кыргызстана» коомдук фондунун 2025-жылдын 28-мартындагы №51 буйругунун,  Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары”жѳнүндѳ» мыйзамдарынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

  1. Чолпон-Ата шаарындагы 3-кичи районундагы (идентификациялык №2-03-05-0025-6351)  47 947,0 м жер тилкесин Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Чолпон-Ата шаарынын мэри Р.Б.Кадыркуловго :

-Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү мекеме ишканалардын кырдаалдык планынын кортундулардын негизинде, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.

-Чолпон-Ата шаарындагы 3-кичи районунда жайгашкан мүлкүн баланска өткөрүп алуу актысы боюнча 20 күндүк мөөнөттө иш алып баруу жана тиешелүү маалыматты Чолпон-Ата шаардык кеӊешке берүү жагы тапшырылсын.

      3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

      4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чолпон-Ата шаардык кеңештин  «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

   Төрага                                                    Э.М. Молдобеков