Редакцияот 30.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

 

XXXI чакырылышынын XIX кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ

 

                                         

2025-жылдын сентябрь айынын  17_  №31/19-3

 

Чолпон-Ата шаарынын Санаторская  көчөсүнүн №13а дарегинде жайгашкан жер тилкесин жана турак жай үйлөрү менен муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

          Чолпон-Ата шаардык мэриясынын  2025-жылдын 12-сентябрындагы №01-8/2308 катынын, И.К.Бакированын 2025-жылдын 12-сентябрындагы арызынын,  Кыргыз Республикасынын “Мүлккѳ муниципалдык менчик” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жѳнүндѳгү мыйзамдарынын негизинде, Чолпон-Ата шаардык Кеӊешинин «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-сентябрындагы протоколуна ылайык, токтом кылат:

  1. Чолпон-Ата шаарынын Санаторская 13а дарегинде жайгашкан 400,0 м жер тилкесин, турак жай үйлөрү менен (163,7м. жана 107,9м.) (идентификациялык №2-03-05-0001-6345) Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрүп алууга макулдук берилсин.

 

  1. Чолпон-Ата шаарынын мэри Р.Б.Кадыркуловго :

-Чолпон-Ата шаардын кызыкчылыгын эске алуу менен тиешелүү мекеме ишканалардын кырдаалдык планынын корутундулардын негизинде, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.

-Чолпон-Ата шаарынын Санаторская 13а дарегинде жайгашкан мүлкүн баланска өткөрүп алуу актысы боюнча 20 күндүк мөөнөттө иш алып баруу жана маалыматты Чолпон-Ата шаардык кеӊешке берүү жагы тапшырылсын.

      3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

      4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык кеңештин  «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

    Төрага                                                                     Э.М. Молдобеков