Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 3-сессиясы
2022-жылдын 24-майы № 16
“Эки тамчы суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук
бирикмесинин ичүүчү сууга тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-бөлүмчөсүнө ылайык, “Эки тамчы суу” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин төрагасы Р.Шамузанын "Тарифти кайра 30 сомдон 40 сомго карап чыгуу боюнча” маалыматын угуп,
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ичүүчү суунун тарифтик ставкасы 1(биринчи) –июндан баштап бир адамга айына 40(кырк) сомдон бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңештин төрайымынын орун басары Т.Асановко жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |