Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-октябрындагы № III
Папан айыл өкмөтүнө караштуу Чычкан-Кол участкасындагы жайыт жерден 1,10 га жерди таштанды таштоочу трансформацияга уруксат берүү жөнүндө
Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселеде айыл өкмөттүн № 02-16/613 катын карап жана талкуулап токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнө караштуу Чычкан-Кол участкасындагы жайыт жерден №95-167 контурдагы 1,10га таштанды таштоочу жайга трансформация кылуу үчүн макулдук берилсин жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө Папан айылдык кеңешинин жер жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы: | Т.Тагаев |